Боршайкомдун мурдагы төрайымы Клара Кабилова (азыр Клара – Гүлнара Самат деп катталат) «Ата Мекен» партиясынын депутаттык мандатынан баш тартканы айтылууда. Ошондой эле дагы бир талапкер Нүргүл Бакирова да мандаттан баш тартканы маалым болду. Ал эми Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, афган согушунун катышуучусу Рыспек Мирзаматов, 2015-жылы мандаттан баш тартып, арыз жазышкан. Боршайком анда арызды карабастан, партиянын катчылыгына кайрып беришкен. Эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов ошол арыздары кайра кароону суранып, Боршайкомго кат менен кайрылган. Эгер Боршайком “атамекенчилердин” суранычын канааттандырса, анда кезек Болот Шерге келип, депутаттык мандатка ээ болот. Мындай жол менен «Ата Мекен»фракциясынын эки тизгин, бир чылбырын Болот Шерге өткөрүп берүү аракети көрүлүп жаткандай. Анткени Шыкмаматов дагы жакынкы күндөрү мандатынан айрылганы турат. Бирок ден соолугу менен алышып жүргөн Болот Шер «Ата Мекен» фракциясын жетектөөгө шарты туура келет болду бекен? Эгер келсе, иниси Садык Шер-Нияз мандатын тапшырабы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ