Menu

Кеңешбек Дүйшөбаев, УКМКнын экс-төрагасы: “Мурдагы бийлик чындык ачыкка чыкпашы үчүн төңкөрүш кылгандан да кайра тартпайт”

Бөлүшүү:

“Съезд КСДПнын анык дараметин көргөздү”

— КСДПнын съезди коомчулук көптөн бери күтүп жаткан окуя болчу. Бир нече жолу жылды. “Декабрда өтөт” деп, анан январда, февралда, кийин марттын соңуна келип такалбадыбы. Билишимче, миңдеген делегаттар чакырылып, эң чоң залдардын биринде өтө турганы айтылып, чуру-чуу түшүп жатышкан. Анан эле жыйынтык көрсөткөндөй, миңдеген адамдын жарымынын жарымысы да келген жок, съезд эмес, жабык эшикте өткөн жыйын болуп калды. Жеке мен үчүн бул съезд күтүлбөгөн окуя деле болгон жок. Анткени, кандай болору, партиядагы ички жарака коомчулукка баары бир ачыкталаары белгилүү болчу. Күтүлгөндөй эле бул курултай КСДПнын анык дараметин көргөзгөн иш-чара болду. Экс-президент менен азыркы президенттин жолдору эки башка тараптарга кеткени билинди. Съездде, андан кийинки маалымат жыйында бир топ чуулгандуу сөздөр айтылганы маалымат каражаттарында алиге чейин жазылып жатат. Атамбаев эл башкарды, мамлекеттин биринчи адамы болуп иштеди, мындай адам өзгөчө бир деңгээлде турушу керек эле. Тилекке каршы, ал деңгээлди кармай албаганын көрдүк. Иштеп жаткан, башкача айтканда, өзү алып келген адамдын дарегине бир топ катуу сындарды айтып, “коррупцияга малынгансың” дегенге чейин барды. Мунусу саясый жагынан да, маданият, адептүүлүк жагынан да акылга сыйбаган иш болду. Айтор, бул маалымат жыйын тескерисинче, Атамбаевдин дарегине сындарды болуп көрбөгөндөй жаадырды.

“Резиденцияга курган үйү боюнча Атамбаевдин иши текшерилиш керек”

— Атамбаевдин резиденцияга курган үйү тууралуу айткандары маалымат жыйындан кийинки текшере турган маселе болуп калды. Атамбаев менчик жерине үй салып, ага достору, туугандары акча беришсе, анда башка маселе эле. А бул жерде “мамлекеттин жерине, стратегиягык объектиге кайсы мыйзамдын негизинде хансарай курду? Ким уруксат берди? Кандай документтери бар?” деген суроолорго жооп бериши зарыл. Экинчи жагынан, мамлекеттик резиденциянын аймагына бөлөк-бөтөн бирөөлөрдүн акчасын алып, там салууга канчалык зарылдык бар жана ал канчалык мыйзамга туура келет?! Мунун баарын эске алып, укук коргоо органдары, биринчи кезекте башкы прокуратура, УКМК жана башка тиешелүү органдар баардык тарабынан кылдат текшерүүгө алышы керек. Ушул эле жерде коопсуздук жагынан дагы маселе бар. Стратегиялык объектинин коопсуздугу катуу талаптар менен сакталууга тийиш. Акча берген кишилер, же жанагы достору бир күнү “келе менин акчамды, бул үйдүн мынча бөлүгү меники” деп чыкса, сотко берсе, анда мамлекеттин, бийликтин аброю эмне болот? Көрүп жатабыз, акча талашып жакын туугандарды кой, ата-бала эмне болуп жатышат? “Андай болбойт” деп ким кепилдик берет?

“Кой-Таштагы хансарай дагы деле мамлекеттин коргоосундабы?”

— Баарыбыз билебиз, Атамбаев Кой-Ташка дагы чоң үй салган. Анын да канчалык мыйзамдуу салынганын текшерүү алдыда да. Анткени, ал жер дагы мамлекттик ири стратегиялык жер болчу. Кандай мыйзамдардын негизинде, колдон-колго кантип өткөн, кантип документтештирилип, Атамбаевге кандайча тийген – баары текшерилиши керек. Экинчи маселе, ал хансарайды менин билишимче, азыркыга чейин мамлекеттик кайтаруу кызматынын бир топ аскерлери кайтарып жатышат. Президент кезинде ал жашаган үй мыйзамдын чегинде мамлекеттин коргоосунда болот. Ал эми президенттиктен кеткенден кийин резиденцияда ага берилген үйдө жашап, кайтарууга алынат. Ал эми Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү менчик объект болуп калды, ал жерди мамлекеттик кайтарууга алуунун кажети жок. Эгер ушунчалык эле кайтаруу керек болсо, ИИМдин алдындагы күзөт департаменти менен келишим түзүп, акы төлөп кайтартып алса болот. Негизи, экс-президенттердин ал-акыбалдары, материалдык-коопсуздук маселелери бирдей деңгээлде каралуусу зарыл. Отунбаева канчалык кайтарууга алынып, канча үйдө жашаса, Атамбаев дагы так ошондон ашык-кемсиз мамлекеттин камкордугуна алынышы керек.

“Ортодогу жарака экинчи бүтөлбөйт”

— Экс-президент менен президенттин ортосундагы ажырым күчөй баштаганы курултайда, андан кийинки маалымат жыйында ачыкка чыкты. Атамбаев ТЭЦтеги коррупциялык иштерде Жээнбековдун өзүн мурдагы премьер катары айыптагандай кыйытып, “документтер бар” деди. Шайлоо учурундагы үгүт иштеринде, шайлоодон кийин дагы компроматтык согуштар катуу болду. Айрыкча негизги талапкерлердин ортосунда. Ошол мезгилде Сооронбай Жээнбековдун дарегине бир дагы тастыкталган, текшерилген компроматтар айтылган жок. Ошондуктан, аны “таза президент” десек болот. Ал азыр “элге берген убадамды аткарам, эл алдында да, Кудай алдында да жооп берем” деген жолду тандап алганы туура болду. Бул да болсо өз алдынча саясат жүргүзүп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоого болгон аракети. Бирок, мунун баары мурунку президент Атамбаевге жана анын жан-жөкөрлөрүнө жакпай, “биз сени президент кылганбыз, биз айткандай кыласың” деген таризде кол бала кылгысы келип жатышат. Ортодогу кеткен жарака экинчи бүтөлгүс болуп калды. Эгер Жээнбеков эл алдында берген убадасына бекем туруп, айткандарын аткарып, эң башкысы, элди адилеттүү башкара турган болсо, түндүк-түштүк көйгөйү да, коомдордун бөлүнүп-жарылуусу да болбойт. Ал эми мурдагы бийлик жактан анын дарегине айткан куру доомат, сын-пикирлери, каралоосу элдин кыжырын келтирип, жинине тийет.

“Мурдагы бийлик чындык чыкпашы үчүн төңкөрүш кылгандан да кайра тартпайт”

— Мындан ары саясый окуялар кандай өңүттө өсүшү мүмкүн? Мурдагы бийликтен кеткен чөйрө өз кызыкчылыгын коргоп калганга абдан аракет кылат. Аны коргоп калыш үчүн провокацияларга: ар кандай иш-чараларды, митингдерди уюштуруп, компроматтар согушун чыгарышы да мүмкүн. Анткени, алар 6-7 жылдын ичинде канчалык мыйзамга төп келбеген, элге жакпаган иштерди жасашты да, туурабы? Алардын артынан издеп да, казып да кереги жок. Баары булайып көрүнүп турат. Батукаев кантип түрмөдөн чыкты? Кулаган учактагы жүктүн ээси ким, эмне үчүн бүгүнкүгө чейин айтылбайт? “Лигласстын” шылуундарын ким сүйрөп келди? ТЭЦ боюнча 2013-жылы алар менен ким келишим түздү? Финансылык контролду Кытай тарапка ким берди? Эң башкысы, ошол долбоорлордун артында ким отурат, элдин акысын ким мойсоп жеп жатат? Ушулардын баары ачыкка чыкса эле, жооп берчү кишилер табылат. А бирок, ошолорду чыгарбаш үчүн болгон аракетин жасайт. Керек болсо провокация кылып, төңкөрүш жасап ийгенден дагы кайра тартпайт деп ойлойм. Бирок, эл эки революциядан кийин баарын көрдү, баардыгынан тыянак чыгарып, акыйкаттык менен калыстыкты, анан тынчтыкты колдойт да!

 Автор: Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: