Menu

Эл аралык шахмат федерациясы президентинин отставкасын талап кылууда

Бөлүшүү:

Эл аралык шахмат федерациясы (ФИДЕ) өз башчысы Кирсан Илюмжиновдон отставкага кетүүнү талап кылды. Кайрылуу уюмдун сайтында жарыяланды.

ФИДЕ жарыялаган билдирүүгө караганда, АКШ Илюмжиновго карата санкция киргизгендиктен, уюм каржы маселелерине кептелген. Мындан тышкары эл аралык шахмат федерациясынын кадыр-баркына доо кетип жатканы баса белгиленген.

Илюмжиновду федерациянын башчылыгынан алуу тууралуу маселе 7-8-апрелде Минскте өткөн уюмдун президенттик кеңешинин жыйынында каралган. Аны отставкага кетирүүгө кеңештин 14 мүчөсү макул болгон.

Буга чейин швейцариялык банк (UBS) Илюмжиновго киргизилген санкцияларга байланыштуу апрелде уюмдун эсептерин жабууга камданып жатканын эксерткен. 2017-жылы мартта ФИДЕнин сайтында анын отсавкага кеткени кабарланган, бирок Илюмжинов бул окуяны чагым деп атаган. Ал АКШ санкцияларына байланыштуу уюм үчүн кедергиси тийип жатканы далилденсе гана кызматтан кетерин айткан.

Кирсан Илюмжинов ФИДЕни 1995-жылдан бери жетектейт. 2015-жылы АКШ бийлиги аны Сирия өкмөтүн колдоого айыптап санкция киргизгенден кийин анын ыйгарым укуктары чектелген.

Илюмжинов Кошмо Штаттардын каржы министрлигин сотко берип, моралдык жана материалдык чыгым үчүн 50 миллиард доллар талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: