Menu

Лавров «Скрипал ишиндеги» колдоосу үчүн Душанбеге ыраазычылык билдирди

Бөлүшүү:

Орусия «Скрипалдын иши» боюнча Тажикстандын Москва менен тилектештигин жогору баалайт. Бул тууралуу орус ТИМ башчысы Сергей Лавров Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов менен жолуккандан кийин билдирди.

«4-апрелде Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун Аткаруу кеңешинин Солсберидеги ишке арналган жыйынында ЖККУга кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Тажикстандын биз менен тилектеш экенин билдиргенин жогору баалайбыз. Өз кезегинде биз мындан ары дагы Тажикстанга эл аралык аренада, БУУда колдоо көрсөтүүбүздү улантабыз», – деди Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши менен бирге өткөргөн маалымат жыйында.

Орусиялык мурдагы чалгын офицери Сергей Скрипаль менен анын кызы Юлиянын 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында ууландырылышы үчүн расмий Лондон Москваны айыптаган жана “аларды ууландырууда адамдын нервин шал кылган “Новичок” деген уу зат колдонулган” деген бүтүмгө келген. 6-апрелде Солсбери ооруканасынын дарыгерлери Скрипал менен кызынын абалы тездик менен жакшыра баштаганын билдиришкен.

Москва бул ууландырууга тиешеси бар экенин четке кагууда. Скрипалга байланышкан окуядан улам Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда дипломатиялык каатчылык жаралган.

Лавров 9-апрелде Аслов менен бирге өткөргөн маалымат жыйында Москва Душанбени аскердик-техникалык жактан колдоосун улантып, тажик куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жана техникалык абалын жакшыртууга, ошондой эле Тажикстандын мамлекеттик чек арасын коргоо мүмкүндүгүн арттырууга көмөктөшө турганын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: