Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Түркия Республикасына барды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-апрелде расмий сапар менен Түркия Республикасына барды.

Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы «Эсенбога» эл аралык аэропортунда Президент Сооронбай Жээнбековду Түркия Республикасынын вице-премьер-министри Хакан Чавушоглу, Анкара облусунун губернатору Эржан Топажа, Анкара шаарынын мэри Мустафа Туна, Анкара территориалдык гарнизонунун начальниги Али Сиври, Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камиль Фырат жана Кыргызстандын Түркиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов тосуп алышты.

Аэропортто  ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.

Расмий сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган  менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат. Андан тышкары Түркиянын Премьер-министри Бинали Йылдырым жана улуттук Улуу жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Визиттин  алкагында  кызматташуунун  түрдүү тармактарында бир катар документтерге кол коюлат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: