Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков менен Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган тар жана кеңири формата сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

Бөлүшүү:

2018-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай ЖээнбековдунТүркия Республикасына эки күндүк расмий визитинин алгачкы күнү Түркия Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган  менен тар жана кеңири  формата сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Кыргызстандын Президентин жылуу тосуп алып, Реджеп Тайип Эрдоган  Түркия Кыргызстандын демократиялык өнүгүүсүн ар дайым колдоп келгендигин белгилеп, эки өлкөнүн мамилелери  мындан ары дагы чыңдалаарына ишенимин билдирди.

Соронбай Жээнбеков менен Реджеп Тайип Эрдоган  энергетика, транспорт, айыл чарбасы, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү чөйрөсүндөгү эки тараптуу кызматташуунун көптөгөн аспектилерин, ошондой эле инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекет башчылары  товар жүгүртүүнү жылына 1 млрд долларга чейин жеткирүү үчүн тараптардын мүмкүнчүлүктөрүн баса белгилешти.

Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган  1992-жылдан бери  Кыргызстандын 3500 студенти Түркиядан окууга стипендия алгандыгын белгилеп, кыргыз-түрк «Манас» университетин билим берүү чөйрөсүндөгү ийгиликтүү долбоор деп атады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк Кеңешинин көмөгү менен биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Астанада Түрк академиясы жана Бакуда түрк маданияты жана мурасы Фонду түзүү сыяктуу көптөгөн демилгелер ишке ашырылганын белгиледи.

“Соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу чөйрөлөрүндө көптөгөн жалпы пландарыбыз бар. Ушуга байланыштуу Түрк  тилдүү мамлекеттердин Кеңешинин кезектеги Саммитин  быйыл Бишкек шаарында өткөрүүнү сунуш кылабыз”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошону менен бирге Соода палаталарынын ишин активдештирип, Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Иштиктүү кеңеш түзүүнү сунуш кылды.

Мындан тышкары Кыргызстанда  социалдык долбоорлорду ишке ашырууга салым кошуп, Түрк Республикасынын Премьер-министринин аппаратына караштуу Кызматташтык жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) жакшы иштеп жаткандыгын белгиледи.

Президент Реджеп Тайип Эрдоган ТИКАнын ишмердигине токтолуп, агенттик 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо боюнча Кыргызстандын Президентинин Жарлыгынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышып жаткандыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков  Түркия менен саламаттык сактоо, маданият жана спорт чөйрөсүндө жакшы кызматташууну белгиледи. Түркия тарапты Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлө турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Мындан тышкары Мамлекет башчысы Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды улуу кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеп, Түркия тарап жазуучунун  мааракесине арналган иш-чараларга катышат деген  ишенимин билдирди. “Менин Түркияга расмий  сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди – бул тарыхый окуя”, – деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Тар жана кеңири  форматта сүйлөшүүлөр  аяктагандан кийин Мамлекет башчылары  жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине билдирүү жасап, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизги жагдайлары тууралуу маалымат беришти.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: