Menu

Чек арадагы ок атуу боюнча кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Аксы райондук ички иштер бөлүмү Жалал-Абаддын Аксы районунун тургунун Өзбекстандын чек арачылары атып салган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесине (“Киши өлтүрүү”) ылайык кылмыш ишин козгоду.

Кыргызстандын 34 жаштагы жараны Фархад Мырзакалыковго Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында 7-апрелде ок атылган. Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, окуя Кыргызстандын аймагында болгон. Маркум өзү Кербенге караган Курулуш айылында жашап келген. Ошол күнү Өзбекстанда жашаган туугандарына тойго барып, кайра келаткан экен. Ага ок аткан өзбекстандык чек арачы маркумду өз аймагына сүйрөп алып кирип кетүүнү көздөп, ал аракети ишке ашкан эмес:

– Каза болгон жаран Өзбекстандын аймагына өтүп кеткенби же аракет кылганбы, белгисиз. Ошондой окуя болуп кетти. Эч ким көрбөй, атылгандан кийин көрүп калышкан. Чек арачы ок тийген жарандын сөөгүн өзү жакка алып өтүүгө аракет кылган. Биздин бир жараныбыз көрүп калгандан кийин алып өтө албай, таштап кеткен. Биздин жаран автоматтын үнүн укканда жетип келген окшойт. Окуя болгон жер жолго жакын.

Окуяны Акыйкатчы институтунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү иликтей баштады.

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу чек ара кошуундары мекемеси түшүндүрмө берип, Кыргызстандын жараны “чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнүн” айткан.

Расмий Бишкек окуяга байланыштуу Ташкентке нота жиберген.

Кыргыз премьер-министри Сапар Исаков өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов менен 8-апрелде жагдайды телефон аркылуу талкуулаган. Учурда эки тараптын тийиштүү органдары окуянын чоо-жайын иликтеп жатышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: