Menu

Арыз жазып, кызматынан кеткиси келген Индира Жолдубаеваны атамбаевчилер эмнеге арыз жаздырбай жатышат…

Бөлүшүү:

КР Генпрокурору Индира Жолдубаева президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштөгү генпрокуратуранын мажирөөлүгүн катуу сындагандан кийин жана парламенттин эки фракциясы анын 2017-жылдагы ишинин отчетун канааттандырарлык эмес деп тапканынан улам “баарына тойдум” деп арыз жазып кеткиси келген. Бирок, Атамбаевдин жеке менчик ишканасы “Форумда” Фарид Ниязовдун жетекчилиги астында күжүлдөп иштеп жаткан атамбаевчилер өздөрүнүн “Кинг-Конг” акеси менен макулдашып алып, Индира Жолдубаевага арыз жаздырбай жатышыптыр.

Алар муну менен эртең парламенттеги контролдук пакет кимде экенин билебиз деп жатышат экен. Эгер Жогорку Кеңештин 60 пайыздан ашык депутаты генпрокурор Индира Жолдубаевага каршы добуш берип, аны кызматтан кетиришсе демек парламенттин контролдук пакетин жээнбековчулар алып коюшкан. Анда жаңы түзүлгөн реалдуулукту эске алып, Жээнбеков менен кайра достошууга туура келет. Эгер эртең депутаттардын 60 пайыздан көбү президент Сооронбай Жээнбековдун генпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан кетирүү сунушун колдобой коюшса, анда парламенттин контролдук пакети мурдагыдай эле атамбаевчилердин көзөмөлүндө экенин көрсөтөт. Демек атамбаевчилер чагылгандай тездик менен жээнбековчуларга каршы чабуул жасашат. Кайра өздөрү бийликке келүү аракетин кылышат.

Ошондуктан эртең, 11-апрелдеги КР Жогорку Кеңешиндеги генпрокурор Индира Жолдубаеванын отставкасы боюнча добуш берүү Кыргызстандын келечек жолун тандайт. Атамбаевчилер жеңип кетип, Индира Жолдубаева генпрокурорлук кызматында калып калса анда акыркы 6 жылда Атамбаевдин тушунда Кыргызстанды баскан сенектик кайра дагы басат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: