Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Идирисов Тилек Казыбекович Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими болуп ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Премьер Сапар Исаков бул чечимди бүгүн Тогуз-Тородогу митингичилердин алтын кен комбинатынын имаратын жана техникаларын өрттөп салган окуясынан кийин кабыл алгандыгы айтылууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ