Menu

Ильхам Алиев кезектеги президенттик мөөнөткө шайланды

Бөлүшүү:

Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиев кезексиз президенттик шайлоодо жеңишке жетти. Өлкөдөгү негизги оппозициялык партиялар бул шайлоого бойкот жарыялашкан.

Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматы боюнча добуштардын 94% саналып бүттү. Анын жыйынтыгы менен Ильхам Алиевге шайлоочулардын 86% добуш берген. Муну менен бийликке 2003-жылы келген Ильхам Алиев төртүнчү президенттик мөөнөткө шайланды.

БШКдан билдиришкендей, шайлоого шайлоочулардын 74,5 пайызы катышты.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму бул шайлоодо жарандар үчүн «чыныгы тандоо» мүмкүндүгү берилбегенин билдирди.

«Биздин жетишкендигибиз жана ийгиликтерибиз үчүн добуш бергендерге ыраазымын. Эл туруктуулукту, коопсуздукту жана өнүгүүнү тандады», — деди Алиев болжолдуу жыйынтыктар жарыялангандан кийин.

Бул шайлоого Азербайжандын негизги оппозициялык партиялары катышкан жок. Алар шайлоого бойкот жарыялашып, жыйынтыктар жасалма болот деп күтүп жаткандыктарын айтышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: