Menu

Абдумалик Акматбаев: “Чолпон-Атанын Совет көчөсүнө менин уулум Рыспек Акматбаевдин ысымын ыйгарууга жардам бериңиз” – Кайрылуу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын превиденти Сооронбай Жээнбековго

Кайрылуу

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

82 жашка келген карыя катары өзүңө «балам» деп эле кайрыла берейин. Жалпы кыргыз жумурай журтунун башчысы катары өзүңө кайрылуума негиз болуп, мурунку президентибиз Алмазбек Атамбаевдин 7-8-ноябрь күндөрүн «Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү» деген жарлыгы болду. Бул жарлыкты мен дагы жалпы кыргызстандыктар сыяктуу жылуу кабыл алдым. Анткени, «биз жашап жаткан замандын түптөлүшүнө кезегинде өз салымдарын кошкон ата-бабаларды эскерели» деген жаштарды эл-жерди, Ата Мекенди сүйүүгө тарбиялоо деп ойлойм. Ушул максатта менин уулум Рысбек Акматбаев дагы өз учурунда ата-бабаларды эскерип, кезегинде жеке салымын кошту. Буга далил катары Чолпон-Ата шаарына Чолпон ата олуянын, Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылына Эр Табылды бабабыздын күмбөздөрүн салдырып, алардын жаркын элестерин эскерип, тоюн өткөрдү. Түштүк жергебизде кезегинде Курманбек баатыр кандай роль ойносо, Нарын менен Ысык-Көл өрөөнүн калмак баскынчыларынан коргоодо Эр Табылды ошондой эле роль ойногон. Түштүктө Курманбек баатырдын эстелигин куруу үчүн Жалал-Абад облусу түп көтөрүлө киришсе, Эр Табылды бабабыздын күмбөзүн курууда Рысбек уулум элден, мамлекеттен бир тыйын сурабай, өз күчү менен курдурган. Ошондой эле Чолпон-Ата шаарындагы, Орто-Токой айылындагы мечиттерди жеке демилгеси менен салдырган. Биздин өрөөндөгү Чырпыкты, Сары-Камыш айылдарында мечиттерди салууда, бала бакча менен мектептерге материалдык жагынан камкордук көрүү жагынан өз жардамын аяган эмес. 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин коюп, 10 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 87% добушун алып, жеңгенине карабастан андагы президент Курманбек Бакиевдин кийлигишүүсү менен мандаты берилбей калган.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

«Тарых жана бабаларды эскерүү» күнүнө карата Чолпон-Ата шаарындагы Совет көчөсүн «Рысбек Акматбаев атындагы кечө» деп кабыл алып берүүнү биздин шаардагы өкүлдөрү менен жергиликтүү депугаттардан сурансак, «бул стратегиялык көчө, азырынча көчөлөргө ысым берүү боюнча мораторий жарыяланып калган» деген өңдүү шылтоолор менен элдин суранычына кулак салбай жатышат. Ошондуктан, аргам кетип, жүздөгөн элдин кайрылуусун Рысбек Акматбаевдин атасы катары өзүңө жеткизейин дедим. Чолпон-Ата шаарынын тургундарынан тышкары да бул демилгени Ысык-Көлдүн башка тургундары да күн сайын колдоого алышууда. Жергиликтүү бийлик миңдеген элдин суранычы менен өтүнүчүн азырынча колдой турган түрү жок. Аргам кетип, бир өзүңө кайрылууга туура келди.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кезегинде Ысык-Көл облусуна губернатор болгон бир тууган агаң Жусупбек Шарипов бизге келип «Чолпон ата олуянын күмбөзүн салган бала кайтыш болуптур. Мен Чолпон ата олуя менен анын күмбөзүн тургузган балага
олуя бабабыздын күмбөзүнүн жанына карагай отургузуп кеткен. Андагы облус башчысы Жусупбек Шариповдун мындай кадамына Чолпон-Ата шаарынын бүтүндөй эли жана биз абдан ыраазы болгон элек. Анткени, буга чейинки Ысык-Көлдүн бир дагы губернатору ары-бери өткөндө Чолпон атанын күмбөзүнө Куран окутуп, көңүл бурушту мындай кой, басып келгенге жарашкан эмес. Муну менен Жусупбек Шарипов тектүү жердин тарбия көргөн баласы экенин далилдеген. Ошол Куран окутуу иш-чарасында губернатор катары «Чолпон ата олуянын күмбөзүнүн айланасын көгөртүп, жашылдандырып тургула» деп жергиликтүү аким-мэрлерге тапшырма берип кеткен.

Урматтуу президент!

Жогорудагы сөзүмдө ток этер кебимди баяндадым. Айтайын дегеним, Чолпон-Ата шаарынын жүздөгөн жашоочулары менен Ысык-Көл облусунун тургундарынын Рысбек Акматбаевдин ысымын биздин калаанын Совет көчөсүнө ыйгаруу жагына жардам этип, жүздөгөн жашоочулардын суранычына эл шайлаган президент катары олуттуу көңүл буруп, убактың болсо ушул ишти өз көзөмөлүңө алып беришинди суранам.

Кайрылуу ээси Чолпон-Ата шаарынын 82 жаштагы тургуну Абдымалик Акматбаев.

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: