Menu

Фотобаян – Сооронбай Жээнбековдун Бельгия Королдугуна жумушчу визитинин жыйынтыктары

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 11-12-апрелинде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына жумушчу визит жасады.

Брюсселге Мамлекет башчысы Түркия Республикасына расмий сапары аяктагандан кийин учуп келди.

Брюсселде Президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск жана менен жолугушту.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.

Визиттин алкагында Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, адам укуктарын жана эркиндигин, мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлоруна инвестиция тартуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Брюсселде ошондой эле визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолугушту. Өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.

Бүгүн, 12-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун Европа союзунун институттарына эки күндүк жумушчу визити аяктады.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: