Menu

Курманкул Зулушев, ЖК депутаты: “Кыргызстанга чарбачыл, экономиканы түшүнгөн, туура саясат жүргүзгөн, кадр тандоодо жаңылбаган эрктүү Өкмөт башчы керек”

Бөлүшүү:

— Курманкул агай, экс-президенттин сиз тууралуу айтканына териктиңизби?

— Мен Алмазбек Шаршенович ойлогондой эч качан, эч кимдин буйругун аткарган эмесмин. Мындан кийин да аткарбайм. Алмазбек Шаршенович 6 жыл элди койго, малга теңеп, энелерди “обончу” атап, саясий көз карашы дал келбеген саясатчыларды душман көрүп, оозуна келген сөздөр менен шылдыңдап, кемсинтип сүйлөдү. Эми экс-президент деген наамга татыктуу болушу керек. Мен бүгүн ал киши айткандай кайдагы бир соттордун намысына шек келтирген Зулушев эмес, өзү тизмеден чыгарууга болгон аракетине карабай, эл тарабынан шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутатымын. Эл ишенимине ээ болгон экем, эч кандай каражат коротпой, 2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо өз округумдан КСДП партиясынан да алда канча көбүрөөк добуш алып, эл өкүлү болуп шайланып келдим. Ушул кезге чейин судьялыктан кантип кетиришкендиктерин бир да жолу айткан эмесмин. Бирок, бул иш боюнча эртеби-кечпи Алмазбек Шаршенович актанып чыгарын билгенмин. Соттун купуялуулугун сактап, мага ким буйрук бергенин, кандай коркутуулар болгонун, СМСтер ким тарабынан жазылып, биздин жашыруун бөлмөгө киргизилгендигин мажбурлоо, сурануулар болсо ачыкка чыгарууга болот.

— Өкмөттү отставкага кетирүү тууралуу көп пикир билдирип калдыңыз. Өкмөттүн тагдыры чечилип калдыбы?

— Өкмөттүн тагдыры чечилип калганын билбейт экенмин. Бирок, парламенттеги оппозициялык фракциянын депутаты катары бүгүнкү күндө Өкмөт өз жумушун тарта албай калды деп ачык айтып жатам. Ошондуктан Өкмөттү отставкага кетиришибиз керек. Кыргызстанга чарбачыл, экономиканы түшүнгөн, туура саясат жүргүзгөн, кадр тандоодо жаңылбаган эрктүү Өкмөт башчы керек.

Суроо салган Альбина Калыкова

Булак: “Жаңы ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: