Menu

Акча которуудагы чектөөлөрдөн улам Орусиядагы түркмөн студенттер окуудан чыгарылышы мүмкүн

Бөлүшүү:

Орусияда окуган түркмөнстандык студенттер банк карталарынан ата-энеси жөнөткөн акчаларды ала албай, түрдүү кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыктарын билдиришти. Буга байланыштуу алардын көбү окуу акысын төлөй албай, университеттен чыгарылганы турат.

«Деканаттан семестр аяктаганга чейин акча төлөнбөсө окуудан чыгарыла турганыбызды эскертишти. Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө биринчилигине байланыштуу сессия алдыга жылдырылган. Мындан улам окуу акысын убагында төлөө үчүн түркмөнстандык студенттердин көбү күнү-түнү иштеп жатышат», — деди студенттердин бири.

Анын айтымында, бул маселе боюнча алар Түркмөнстандын Москвадагы элчилигине дагы кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес. Азырынча элчиликтен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Былтыр декабрдан тарта түркмөн банктары тарабынан берилген пластик карталар аркылуу чет өлкөлөрдө накталай акча алууга жана каражат которууга чектөөлөр киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 58 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: