Menu

Тажикстандын президенти 3 саатка кайда жоголгон?

Бөлүшүү:

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон учуп бара жаткан тик учак тумандуу аба ырайынан улам тоо арасында үч сааттай «жоголуп» кеткен. Бул туурасында «Sputnik Тажикстан» агенттиги өлкөнүн президентинин жана өкмөтүнүн «Джумхурият» расмий басылмасына таянуу менен жазып чыкты. Рахмон 28-мартта Нооруз майрамын белгилөө үчүн Согди облусунун Пенджикент районуна бармак. Ал жакка эртең мененки саат 8.30да конушу керек болчу. Бирок белгисиз себептер менен майрамдык иш-чара түшкүгө жылдырылган. Андан эки жума өткөндөн кийин гана тажик бийлиги президенттин вертолету аба ырайына байланыштуу абадан жолун таппай, үч сааттай адашып кеткенин билдирди. Өлкө башчынын күтүлбөгөн жерден бир айылга түшүп калышын жергиликтүүлөр байкабай калган эмес. Эл дароо тик учактын жанына чогулуп, бир аял адашып келген конокторго нан, чайын көтөрүп келип азыктандырган. Рахмон унаа менен райондун борборуна барып, андан ары аскердик вертолет менен учуп кеткен.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: