Menu

КР Жогорку Кеңеши Премьер-министр Сапар Исаковду өкмөтү менен кошо отставкага кетирди. Атамбаевдин “Барбаросс планы” талкаланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-апрелде КР Жогорку Кеңеши премьер-министр Сапар Исаков баштаган кыргыз өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселесин карап, парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча токтомун добушка салды.

Натыйжада, 102 депутат “макул”, 5 депутат “каршы” добуш берүү менен парламенттин депутаттары премьер-министр Сапар Исаковду өкмөтү менен кошо отставкага кетирди.

Ага чейин, Жогорку Кеңештин бүгүнкү отуруму башталары менен “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов КР өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө маселесин бүгүнкү отурумдун күн тартибине киргизүү сунушу менен чыккан. Аны “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Алманбет Шыкмаматов колдогон. Натыйжада сунуш добуш берүүгө коюлуп, 113 депутаттын 102си колдоп, бул маселе бүгүнкү жыйындын күн тартибине киргизилген.

Эске сала кетсек, КР Конституциясынын 85-беренесине ылайык, Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү маселе жалпы депутаттардын санынын үчтөн бир бөлүгүнүн демилгеси менен каралат. Ал эми Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү чечим жалпы депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнүн добушу менен алынат.

Былтыр, 2017-жылдын августунда ал кездеги президент Алмаз Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин да бийликтеги өз таасирин сактап калуу боюнча түзгөн “Барбаросс пландарынын” негизинде Сапар Исаковду күч менен премьер-министрликке олтургузган. Бирок, Сапар Исаков баштаган долбоорлордун баары ишке ашпай, биринин артынан бири чачырап, уят болуп келаткан.  Атамбаев Премьер-министр Сапар Исаков аркылуу өзүнүн бийликтеги таасирин кармап кала берем деп акыр-аягына чейин күрөшүп келди.

Ал эми Сапар Исаков өзү былтыр, августта эле түзгөн “жаш технократтар” өкмөтүнүн мүчөлөрү биринин артынан бири иштей албай отставкага кетип же кылмыш жоопкерчилигине тартылып олтуруп, акыр аягында, бир жылга жетпей дээрлик жалгыз өзү калды. Эл Сапар Исаковдун өкмөтүн “технокраддар өкмөтү” деп атап алды. Ошондой эле Сапар Исаков “Лигласс” сыяктуу чуулгандуу коррупциялык схемалар менен да аты чыкты.

Эми Жогорку Кеңештин өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча токтомунун негизинде КР Президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаков баштаган өкмөттүн отставкасын кабыл алса анда көпчүлүк башкаруучу коалиция (КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир  бол” фракциялары) жаңы премьер-министрдин талапкердигин алып чыгышат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: