КР Жогорку Кеңешиндеги көпчүлүк башкаруучу коалициянын (КСДП, “Кыргызстан” жана “Бир бол” фракциялары) составына “Республика-Ата-Журт” фракциясы да кирмек болуптур. Бул тууралу биздин жеке булактар кабарлады.
Мындай комбинация башкаруучу коалициянын келечеги туруктуу болсун деген максатта ишке ашырылып жатат. Азыркыдай коалиция 3 эле фракциядан турса бир фракциянын коалициядан чыгып кетиши коалициянын бузулушуна алып келет. Мындай шарттан пайдаланууга аракет кылган Мыктыбек Абдылдаев өзүнө спикерлик кызматты талап кылып, коалицияны кыйнап жатыптыр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ