Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өлкөдөгү чыңалган саясий кырдаалдан пайдаланып, өкмөттү отставкага кетирүү маселесинде негизги оюнчуга айланып, соодалашууну кызуу жүргүзүп жатты эле, максаты ишке ашпай калды. Оппозициялык азчылыктын колу менен Өкмөт отставкага кетти. Сулайманов колунан майлуу токочун жулдуруп жибергендей эле болду. Ошондой болсо да, башкы прокурорлук кызматты Мыктыбек Абдылдаевге алып берүү менен, фракциясында кылмыш иши козголуп камалып кеткени турган куйругунда калбыры бар депутаттарын сактап калууга аракет көрүүдө. Башкача айтканда, Аскар Шадиев, Исхак Пирматов, Игорь Чудинов, Акылбек Жапаров сыяктуулардын кылмыш ишин кыскарттырууга эки көзү төрт. Президент Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүп жатса, Сулайманов коррупционерлерди коргоп жатканы жакшы эмес го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ