Menu

Башкысы мыйзам бузулбаса

Бөлүшүү:

Өкүмөт отставкага кетти. Эми кайрадан жаңы өкүмөтгүн курамы түзүлүп, жаңы кадрлар кызматка келет. Жогорку Кеңештин депутаттарынан бул жолу кадр тандоодо мыйзамдын бузулушуна жол бербегиле деп суранат элек. Партия деген атка жамынып уюшкан кылмыштуулукка, саясый коррупцияга барышты токтотуш керек. Кызматка келе турган ар бир кадр «Мамлекетшк кызмат жөнүндө» деген мыйзамдын талабына жооп берсин. Партиялашым же биздин партиядан деп, көмөч-самсы сатканды министр, базаркомду губернатор кылып кызматка койгон сыяктуу акмакчылыктардын доору бүттү го деп ойлойм. Физик мугалимди транспорт жана жол министри, коомдук уюмда иштеп жүргөн кызды билим берүү министри кылып көрдүңөр.Мындай өзүм билемдиктен мураска жетсек эчак жетип, гүлдөгөн мамлекетке айланат элек го. Тескерисинче артка кетип баардык жагынан кризиске баттык. Ар бир кесипке ошол тармакта иштеп каныккан кесипкөйлөр келсе гана жалпы мамлекетгик иш алга жылат. Оңолуу жолуна түшөбүз. Мамлекеттин мамлекетгүүлүгүнүн кадыр баркы ал мамлекети башкарган жогорку бийликтегилердин мыйзамды көздүн карегиндей туура сактап, сыйлап, бузбаганынан турат. Жогорку Кеңеш өзү кабыл алган мыйзамды өзү теңине албай каалагандай буза бериши биринчи кезекге өздөрү кызмат кьшган мамлекетги, аларды шайлаган элди шылдьщ кылганы. Бул өнүккөн өлкөлөрдө өтө оор кылмыш катары каралат. РайОНОнун башчысына мектепте 5 жыл директор болуп иштебесе жумушка албайт. Ал эми биздин Өкүмөтгө бир күн мамлекеттик кызматта иштебегендер деле вице-премьер министр болуп иштей берет. Бул эмне деген акмакчылык. Бул жолку Өкүмөт да ушундай мыйзам бузуулар менен тандалышын каалабайт элек.

Автор: Чолпонбек Абыкеев

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: