Menu

Бейшенбек Бекешов, журналист: Кадыр билбеген кадр билбейт

Бөлүшүү:

Биздин эл башкаруучулардын эски оорусу ушу. Дал ушунун айынан этегибиз эки болбой, башкалардан кем болуп келатабыз. Эң ырайымсыз тирандардын бири Сталин да кадр тандоону мамлекеттеги башкы милдетке айлантып, өлкөнү ат сокодон космоско алып чыккан. Колунан иш келген кишини түрмөдөн болсо да алып келип пайдаланган. Бүгүн дүйнө ал заманга караганда таанылгыс болуп өзгөрдү. Ар бир адам өтө зор баалуулук экен деген түшүнүккө жеттик. Бирок биз ар бир адамды тим эле коёлу, калдайган кадыры барларды да карайлап издеп таппай олтурабыз. Бир баскан кетмендин башын кайра-кайра бассак да эсибизге келбейбиз. Себеби биз нарктан кеттик, ыймандан кеттик. Кадр тандоонун башкы критерийи иш жасоо эмес, акча жасоо болду.Тармакта бир да күн иштебеген, бир да көйгөйдү билбеген адамды эмне үчүн министр кылат? Тармак мага демек өлүп кетсин, мага кызмат кылган кишиден министрлик маянаны төлөп болсо да кутулайын деген гана принцип үчүн. Андай министрде акча жыйнап кетүүдөн башка эмне максат болот? Ошон үчүн бир да тармак өнүкпөй, коррупциялык иштерге кокобуздан батып олтурабыз.

Тойбогон топорлорго тойдук. Ал турсун кулгуп атабыз. Кыргыз наркында көпөстөрдү эл башкарткан эмес. Азыр наркты ким билди? Кайсы көпөс эл башкарбады!? Жалаң көпөстөр башкарган деңгээлге жетпедикпи. Анан ошолор мамлекеттик кызматтарды малайларына таратпаганда эмне кылат? Кимдир бирөө өз маңдай тери, мээнети менен, ошол тармакты өнүктүргөнү үчүн кызматынан көтөрүлүптүр дегенди уктуңар беле? Ал турсун мамлекеттик сыйлыктар менен наамдар да бийлик ээлеринин малайларынан артпай калды.

Көпөстөрдүн фонунда пайдасы тийбесе да элге кыянаттыгы болбос деп урук-тукуму дайындуу, эл ичинде ата теги кадыр күткөн Сооронбай Жээнбековду шайладык. Айт намазда бир көрүнүп коюп, ашмалтай иш жасагандардын фонунда беш маал намазы бар, Кудайдан коркот дедик. Анын алгачкы кадамдарын көрүп, үмүтүбузгө үмүт кошулуп, кудайлап турган кезибиз.

Ошентсе да акыркы Өкмөттүн эл башы бекитип берген курамын убакытты утуу үчүн, кош бийликтен тезирээк кутулуу үчүн жасалган иш деп эсептеп, сабыр кылып турабыз. Ошентсе да кадр тандоонун элдик наркына, жок эле дегенде акылга сыярлык принциптерине кайра келбесек эч оңолбосубузду айтып коюшубуз керек.

Мектеп окуучусун өкмөт башчы кылсаң министрликке өз классташтарын сунуш кылаары ачык. Сапар Исаковдун өкмөтү да ошонун сыңары болду. Майдалап олтурбайлы, баланын үйү – Бапанын алачыгы болду. Эми кылмышка аралашы чыгып, жаш балдардын бели сынбасын Кудайдан тилеп туралы. Мамлекет үчүн натыйжасы – сегиз ай текке кетти. Биздей көйгөйлөрү көкөйүн кескен өлкө үчүн ушунча убакыттын кантип кесири болбосун?! Адамдын жакшы-жаманы кары-жашты ылгабайт, бирок мыкты адистин, айрыкча эл башкаруучунун жаштан чыгышы кемде-кем болоору тарыхый чындык. Бийликке жетип алып, акшакал болгон эң жаман, бирок накшакал болуу, андан өтүп жашшакал болуу андан да жаман.

Кадр тандоо ишине дүйнөлүк ЦРУ, ФБР, КГБ сыяктуу дүйнөлүк атайын кызматтардын сунуш кылуу институтун киргизсек кандай жакшы болмок. Бирок андай жашыруун эмес, кимдин сунушу менен дайындалганы элдин баарына ачык болсо, сунуш кылуучунун өзү да толгон критерийлер менен тандалса. Кадр тандоо жана тарбиялоо иши номур биринчи мамлекеттик саясаттын деңгээлине көтөрүлгөндө гана мамлекеттик кызматтар шылуундар менен көпөстөрдүн сайран жайына айланбайт.

Биздин саясий системабыздын өзү көпөстөр менен мителердин колунан чыккан. Ага таза киши, айрыкча ар кандай жол менен байлык топтой албаган киши кире албайт. Мунун башкы себеби аздыр-көптүр элдик наркты, адеп-ахлак менен ыйманды эскертип турган мамлекеттик структуралардын түп орду менен жоюлуп тынганы болгон. Тойбогон топорлор менен Кудайдан жөө качкандар үчүн бул багыттагы иш тургай, бир да сөздүн айтылышынын зарылдыгы жок болчу. Убагында мамлекеттик катчылык орунда Дастан Сарыгулов агабыздын улуттук идеология боюнча жамандыр-жакшыдыр алып барган ишине анчалык алымсынган жок элек. Көрсө кесир кылыппыз. Андан соң Адахан Мадумаров өз демилгеси менен мамлекеттүүлүк тууралуу бир аз сүйлөп жүрдү. Бирок ал бийликтен куулгандан кийин бул иш биротоло өчтү.

Бардын кадыры жокто билинээрин көрүп, элдин ырыскысы жалаң жемкорлордун аштоосуна айланганда гана жон терибиз менен сездик. Көрсө улуттук идеология, элдик нарк, адеп-ахлак, ыймандуулук, мекенчилдик, адамкерчилик деген улуу жана кооз сөздөрдүн баарынын биригип келип бир эле мааниси бар. Ал эң жөнөкөй жана түшүнүктүү – сөз менен иштин дал келүүсү да. Ошону кайра-кайра эскертип, уйкусуз күзөтчүдөй кайтарып турар мекеме, чийинден чыккандардын куйругун кайрып тамга басаар мамлекеттик система болсо кана.

Адамдарга шылуундук менен, акча менен келген күч-кубат чөөлөрдүн күч-кубатындай болот. Арааны жүрүп турганда кимди да болбосун жабылып тытып жеп кеткенден кайра тартпайт. Башына күн түшкөндө өзүнөн өзү тымтыракайы чыгып, бириндеп качып-бозуп жок болот. Андайдын кашкайган үлгүсүн өз көзүбүз менен көрүп да жатабыз. Адеп-ахлак менен, ыйман менен келген күч-кубат кабылан-жолборстукундай болот. Өчкөн сайын түтөйт, чапкан сайын чыңалат, өлгөн сайын тирилет. Көрбөгөндөргө түрк туугандардын “Эртугулдун кайра келиши” деген сериалын көрүп коюуну сунуш кылам. Аны көрүп, түрк туугандар тургай, биз, кыргыздар кайра тирилгендей болуп жатабыз. Идеология, адам тарбиялоо, мамлекеттүүлктү чыңдоо деген мына ошондой иштерден куралат. Азыркы заманда адамга кинолор замбиректин огундай тийсе, телекөрсөтүүлөр мылтыктын огундай таасир этет. Бүгүнкү бакыбат жашоосун, эртеңки келечегин ойлогон адам өз аялына кандай мамиле жасаса, мамлекет бул тармактарга дал ошондой мамиле жасашы керек. Алардын абалы азыр мамлекет үчүн күң катындын деңгээлинен да төмөн. Кадрларынын баары чачылды. Чарбалары бүлүндү. Эл ынанаар сөз айткан, эл тагдырын ойлогон иш ал тармактарда жокко эсе болуп калды. Жеке кызыкчылыгын койнуна каткан жеке менчик каналдар жаандан кийинки козу карындай көбөйдү. А биздин мамлекеттик бийликтин азыр мунун бири менен да иши жок. Тарых деген спираль сыяктуу кайталанат деген чындык бар. Алмаз Атамбаевдин бийлиги илгерки Никита Хрущевдун авантюралык доорундай эле болду окшойт. БУУнун трибунасын чокою менен такылдатканына чейин окшошту. Андан тынч-аман кутулганыбызга миң шүгүр айтып олтурабыз. Өкмөттө министрлердин тең жармы алмашыптыр. Ошону деле мынчалык шашылып жасабоо керек эле деп ойлойм. Министр дегенди жети эмес, жетимиш өлчөп тандоо керек да. Президент эч кимден коркок билиши жок экенин, элдин алдында гана жооп берерин далилдеп жатат. Демек, ал өзү тандаган кадрга бийлик бутагындагылардын эч кимиси каршы да боло албайт.

Жакшыны өзүбүздүн тарыхтан унутсак Кытайдан да болсо үйрөнүү керек да. Биздин молдокелер басса-турса шиа деп шыбаган, 70 миллион калкы бар Иран деген өлкө бар. Суннитпиз деп мактанган элдердин бири да кура албаган ислам республикасын, б.а. исламчыл элдик бийлик системасын куруп алышкан. Бизге диний мамлекет азырынча эртелик кылаар. Бирок ошолордун мамлекеттик бийликти көпөстөр менен мителердин, айрыкча чет элдиктердин таасиринен чектеген үлгүсүн эмнеге кабыл ала албайбыз? Мамлекеттик жогорку бийликте тургандардын эч кимиси, өзү тургай туугандары да бизнес менен алектенүүгө укугу жок, байлардын болсо чоң бийликке баруу укугу жок. Ошондой адеп-ахлактык кырдаалда чириген байлар да төөдөй автомашина минип чалчактабай, тепейген эле майда машиналар менен иштерин жасап жүрүшөт. Өлкөбүз байлар байыганда эмес, кедейлер байыганда өзгөрөөрүн качан түшүнөбүз?

Эрден озмок бар, элден озмок жок деген чындык бар. Бир топ кадрды элге салып койсо акыйкат менен чындыктын, акылмандык менен кеменгерликтин баары ошол жактан чыгат. Аларды иргеп, чечим кабыл алуунун өзү эле эмне деген көрөгөчтүктү талап кылат. Эл башыбыз ошого жетсе ага АША дегендей эмес, АЖО деген ат жабышышы турган эле иш да. Биз аз сандуу элбиз. Бири бирибизди өңүбүздөн тааныйбыз десек да аша чапкандык болбос. Кимдин ким экенин ата-жотосуна чейин алеки саатта иликтеп билип алуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошол наркыбызды колдоно албай төртүнчү атасын билбегенди эл башы кылып, ушу күнгө жетпедикпи. Кадрларды сунуш кылуунун Ак үйдөгү аксым системасы бар. Ачык айтпай, бийлик ээсинин кулагына шыбырап турушат. Ал азыр да кадимкидей иштеп жатат дешти. Башка система болбосо иштейт да. Чыныгы татыктуу бирөө-жарым сунуш кылынып калса анын кайдан-жайдан болсо да бир кемчилигин издеп таап, андан ишенимсиз адам жок деп ишендирип тынышат. Жетеленмелик, өзүндө ишенимдин жоктугу, б.а. акылынын жоктугу менен эл башылыкты аркалай алган кишини ушуга чейин уга да, көрө да элекпиз. Баарынын аягы кайгылуу бүтөөрүнө гана күбө болуп келатабыз.

Пулуң болсо кулуңмун деген система иштеген жерде ишенимдүүлүктү эч кимден күтүп болбойт. Чокой-чарыгына чейин сатып алып, өзүмкү кылып койдум деп бирөө ишенген парламенттин бүгүнкү тейи буга күбө. Ошондуктан эл тагдырын ойлосок көпөстөр менен мителерге эмес, эрлер менен баатырларга таянышыбыз керек. Андайлардан коркпош керек. Негизи Кудайдан корккон адам адам аттудан коркпойт. Өлкөнү жатып ичээр жан бактылар эмес, эрлер менен баатырлар көтөрөт. Алар жакшы адис болушса, анда элибизди дүйнөнүн төбөсүнө чыгарат. Албетте, андайлар кежир, чалпоо, бетке чабаар келет, өз билгенин бербейт. Бирок кут-берекенин баары, балким, ошонун өзүндө. Баатыры миң, башчысы бир эл өсөт, тетирисинче болсо өлөт. Ушул жерде өз жүрүм-туруму менен ким экенин бир эмес, кайра-кайра далилдеген толгон эр-азаматтардын ысымдары оозумдун учуна келип турат. Бирок ар кандай күдүк ой туулбасын деп ушул принциптерди гана айтуу менен чектелдим. Жүйөө айтуу угулбай калган заманда ушунча чыдап окуганыңыз үчүн рахматымды айтам. Айтандарым бирөө-жарымдын ой-туюмун козгосо мен Кудайга ыраазымын.

Бейшенбек Бекешов, 22.04.2018.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: