Menu

Эдил Байсалов: “Уят силерге КТРчылар! Позор сага Илим Карыпбеков! Өз каалоң менен кызматыңан кетип кал!”

Бөлүшүү:

Бир саатай мурун мен Илим Карыпбеков “мынакей сонун айнек эшиктерди орнотуп койдум, тим эле КТР өнүгүп кеттик” деген постуна коммент тыштадым эле: “коомдук телеканал эл агартуу миссиясы менен маанилүү, акты ак дебесең дагы, оппозицияны эл душмандан бешбетер шыбасаң дагы, деги ушул миссияны аткарсаң, эл ыраазы болот эле, кеп эмне ошол иштеген коллега эжекелердиң кабинеттерине айнектерден аңдып-шыкалаганда бекен” деп.
Шумдугуң кургур, бүгүнкү Армениядагы элдин жеңишин биздин телеканалдар кантип баяндайт экен деп – КТРдеги кечки жаңылыктарды азыр көрүп чыктым.
Москвадагы “Первый канал” биринчи жанылык кылып берди. Мен болсо: “атаңкөрү, аягында беришет экен” деп, аягына чейин күттүм. Бир дагы сөз да болгон жок. Ал кана эмес, эй, туугандар, толугу менен эле кыргызга эл аралык кабарлар чагылдырылбайт экен! Кыргызга анын эмне кереги бар дешкенби.
Жалалабатдагы казино, “элдик репортер” кыйратып атат, Бишкетеги жол, өкмөттөгү кеңешме, эт азыктары, Таластагы картөшкө, мектеп ысык тамагы, Ысык-көлдөгү соцкамсыздоо, Баткендеги ФАП, Ысык-Көлдө тез жардам, Нарындагы мал, Чүйдө балабакча, Ошто балабакча, кыргызча китеп аз, Миңжылкиев 85ге чыкмак. Бүттү! Ии, баса, аягында “жарнаманын оордуна” бир корейлер ачкан клиникасы, анын да дарегин туура айтпай, 7-апрель эмес, эскиче Шабдан баатыр (дагы, рахмат, Ш.баатыр дебегендерине) деп коштошуп коюшту.

АРМЕНИЯ ЖӨНҮНДӨ БИР ДАГЫ СӨЗ АЙТЫЛГАН ЖОК!!!

А эмне, Армения – биздин ЕАЭС-ОДКБ эң жакын союздаш мамлекетте эли тынч көтөрүлүп өкмөт башчысын кетиргендери жөнүндө кыргыз эли кабардар болуусу кереги жокпу, Илим Карыпбеков? Муну ким жага эмненин негизинде чечип койду? Былтыр Дача-СУда болгон кырсыкты биз CNNден түз эфирде көрүп аттык, мактанып тим эле ачкан “24” деген канал кечке жооок кана сөз айта башташты, студиянын ичинен. Кайра эле сиз көп мактанган ПТСтердин бирөөсү да аяка барыа койгон жок, ошол күнү да, эртеси дагы. Фейсбуктагы каналдар ар бирөөсү ар кандай жыйындардан телефон аркылуу эле түз эфир күнүгө алып барып атышат, КТР болсо даже Өкмөт кеткенин жана жаңы шайланганын араң кечке жок берип атасыңар. Мындай каналдын, то есть каналдардын эмне кереги бар бизге деги. 31-марттагы КСДПнын сьездине болсо, көрдүк, ПТС машинесин айдатып барып, сьемка кылдыңыз. Эмне себептен биз Жогорку Кеңешибизде болуп аткан жаңылыктарды фейсбуктан издешибиз керек, айтыңызчы? Ошол жактан жаңылык “24” каналынан берилбесе, анда эмнеси жаңылык каналы деги! Арменияны бүгүн кыргызга кабарлабасаңар, эмне керегиңер бар деги! “Бир бала бакча ачылыптырбы?” деп силерди көңгөн адатынча кечинде биздин элибиз көрүп атабы? Же эл аралык жаңылыктарды биз Первый каналдын көрүшүбүз керекпи? Айтоор, суроо толтура. Жооп бериштин деле кереги жок. Уят силерге, КТРчылар! Позор сага, Илим! Отчотуңду бекитип алыпсын жекшеевтерден. Кетип эле кал өзүңдүн каалоң менен!

Эдил Байсалов

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: