Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМ жана УКМК жетекчилери менен кеңешме өткөрдү

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев, бүгүн, 24-апрелде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков катышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөдөгү коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун тийиштүү түрдө камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Коомдо укук коргоо органдарына карата олуттуу сындар, анын ичинде коррупциялык көрүнүштөр боюнча да нааразычылыктар бар. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимдерине ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөш айныксыз түрдө, ээлеген кызмат орундарына карабастан жүргүзүлүшү кажет. Буга катар күч блогунун кадрдык потенциалын жогорулатуу үстүндө ишти алып баруу зарыл. Укук коргоо органдарына кесипкөй жана таза адистер тартылышы керек». – деди ал.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов Өкмөт башчыга өлкөдөгү коомдук-саясий жана криминогендик абал, ошондой эле Тогуз-Торо районундагы алтын өндүрүү фабрикасынын өрттөлүшү, Бишкек жана Жалал-Абад шаарларындагы ири базарлардагы өрт фактысы боюнча кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Өкмөт башчы аталган иштерге тийиштиги бар жактар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектигин баса белгиледи.

Премьер-министр аталган иштердин бардык жагдайын дагы бир ирет тыкыр иликтеп чыгып, өлкөнүн ири рынокторундагы коопсуздук техникасынын сакталышы боюнча жумушчу кеңешме уюштурууну тапшырды.

Мындан тышкары, Премьер-министр Бишкек жана Ош шаарларында «Акылдуу шаар» долбоору алкагында фото жана видео-байкоо жүргүзүү тутумун баскыч-баскычы менен орнотуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

«Аталган долбоордун ишке ашырылышы бирдиктүү стандарт боюнча, ачык-айкын, чет мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен ишке ашырылып, катардагы жарандарга түшүнүктүү болушу шарт», – деп жыйынтыктады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: