Menu

Ооган талиптери жазгы чабуулдар башталганын жарыялады

Бөлүшүү:

Талиптердин 25-апрелде интернетке жарыяланган билдирүүсүндө чабуулдар негизинен «америкалык басып алуучуларды өлтүрүүгө багыттала турганы» жазылган.

Америкалыктардын тарапташтары эсептелген ооган өкмөтү менен аскерлери анда экинчи планда экени белгиленген.

Маалыматка караганда, быйылкы жазгы чабуулдар Талиптердин аскер комиссиясы тарабынан даярдалган. Анын «Аль-Хандак» же «Траншея» деген аталышы «Траншея үчүн согуш» деп аталган 627-жылы Хандакта болгон окуяга байланыштуу. Анда 3000ге жакын мусулман Медина шаарынын айланасын айланта траншея казышып, каапыр арабдар менен жөөттөрдүн бир айлык чабуулуна туруштук берип турушкан.

Талиптердин бул билдирүүсү Ооганстандагы теракттардын жаңы толкунуна туура келди. 24-апрелде өлкөнүн Фарах жана Газни аймактарындагы талиптердин кол салуусунан кеминде 11 ооган аскери жана полиция кызматкерлери өлгөн. 23-апрелде Батыш Ооганстанда талиптердин чабуулунан 18 аскер набыт болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: