Menu

Текебаев менен Чотнов жалган жалаанын курмандыктары болушту!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз абдан жакшы билесиз. Кылымдарды карыткан «Кыргыз көчү» уланууда. Өтө катаал шартта ошол ыйык, касиеттүү «көчтүн» жолун улоо озуйпасы, эки чылбыр, бир тизгини мындан алты ай мурун сиздин колуңузга тийди. Орчундуу окуяларга жык толгон кыргыз журтчулугунун отуз жылга жакындаган эстен кеткис эгемен тарыхы эл-журтуна эбегейсиз чоң сыноолорду, тар жол, тайгак кечүүлөрдү тартуулады. Андай алешем, оош-кыйыш сыноолорду азыр да тынымсыз башыбыздан кечирип жатабыз, аны да жакшы билесиз, урматтуу Сооронбай Шарипович! Кеменгер элибиз маал-маалы менен багына туш болгон журт башчыларынан эңсеп күткөнү – бир гана адилеттүүлүк, акыйкаттуулук, кара кылды как жарган калыс башкаруу. Болгону ошол, андан башканы талап кылбай деле калышкан. Ачык айталы, аша чапкандык болбосун. Анткен менен аз эле кун мурун шайланып келген сизге эл-журттун болгон ишеничи, үмүт-тилеги саат сайын салмактуу жагына ооп, кун санап осуп, сиз жасап жаткан калыс кадамдарыңызга карапайым калктьш ичи жылып, ити чөп жей баштагынан ка-бар берип жатканын жалганга чыгарыш, бери дегенде адамгерчиликке жатпаган, акылга сыйбаган иш. Жакшыны жакшы дешибиз керек. «Жакшы башчы элин ойлойт, жаман башчы жемин ойлойт» дейт. Жакшы башчы болуп бериңиз!

Сиздин эң керектуу жана орчундуу кадамдарьщыз элдин козун умачтай эле ачты. Жеке эле бизде эмес эзелтеден бүтүндөй дуйно элинин баш оорусуна айланган жемкорлукка каршы белсенип, «жеп-ичкич жемкорлорго каршы күрөштү күчөтұұ керек» деген алгачкы чечкиндүү кадамыңыз ушундай жылуу созго мукурап, суусап турган элиңизге майдай гана жакты, кол чапты, анан ошол олуттуу жарлыгыңыз жумурай журттун жапырт ксшдоосуна татыды. Эми элиңиз ошол айткан айбаттуу убадаларыңыздан алгылыктуу жыйынтык кутуп жатканын эсиңизге сала кетсек ашыкча болбос. Албетте, тамыры терең жайылып, ташка чейин өсүп, ичине сиңип кеткен мындай уу тикендин түп-тамырын бир көндө жулуп, кыя чаап жок кьшыш өтө кыйын, ал жалгыз сиздин колуңуздан келбеси анык. Ал үчүн сиз сизге ишенген элиңиздин, жалпы коомчулуктун, жумурай журттун колдоосуна муктажсыз! Ансыз кайдан? Жакшысы – элиңиз колдоого даяр! Андан да жакшысы, эң башкысы – баарынан маанилүүсү ушул, сиздин алдыга койгон олуттуу ой-максатыңыз, стратегиялык багытыңыз, саясый эркиңиз ошондой олуттуу күрөшкө даяр деген элиңиздин ишеними зор! Элдин ишеними сиз үчүн өтө чоң күч!

Дал ушундай уусу кан тамырга чейин сиңип, айыкпас ооруга айланып кеткен коркунучтуу дарт менен отуз жылдан бери тынымсыз күрөшүп, керт башын канжыгага байлап салып, бычактын мизи менен басып, жаштыгын, бутундой омурун арнаган элинин майтарылбас, чынчыл жана чыгаан уулу, катары менен алты жолку чакырьшыштын легендарлуу депутаты Текебаев Өмүрбек Чиркешович жана мурунку депутат, элчи Дуйшонкул Чотонов бир жыл эки айдан бери эч бир далилсиз, карандай жалган жалаа менен кылмышкер аталышьш абакта отурушат. Сиз муну абдан жакшы билесиз жана толук маалыматыңыз бар, урматтуу Сооронбай Шарипович! Эң кейиштүүсү, элинин ушундай чынчыл жана чыгаан уулдарын капкайдагы башка бир чет элдин жалаң жаман иштерге байланышы бар, шектүү кылмыштарга тиешелүү делинген, чыр-чатактан башы чыкпай жүргөн булганыч тарыхы менен таанымал адамдын чындыкка жакындабаган, эч бир эпизоду коошпогон, чылгый жалган, карандай калп көрсөтмөсүнүн негизинде калыстыктан таптакыр тайган адилетсиз, оз кесибин сыйлабаган, урмат-сыйдан ажыраган соттордун түшүнүксүз, туркөй чечими менен соттолгону – учурда бутундой коомчулукту дурбөлөң тушуруп, тынчсыздандырууда. Бул боюнчажакында эле Европадагы бирден-бир абройлуу уюм аталып жургон Венеция комиссиясы (Укук аркылуу демократияга карай Европа комиссиясы) дагы ӨмүрбекТекебаевдин ден соолугуна гана тынчсызданбастан, «анын абакка камалышы тикелей саясый жана буюртма мүнөздөгү иш» деген таасын жана так аныктама бергенин уккандырсыз. Ушундан улам кыргыз коомчулугу, акыйкаттуулукту туу туткан активдуу жарандары, коомдук жана маданий ишмерлер, депутаттар, анан албетте кадимки эле карапайым жарандар тез арада Өмүрбек Текебаевдин соттук тергөө иштерин тыкыр изилдоого алып, кайра баштан карал чыгып, мыйзамдын чегинде ак-карасын аныктап, ылгап, анын тез арада боштондукка чыгуусуна өбөлгө, шарт-мүмкүнчүлүк түзүп беришиңизди суранып, ушул ачык катыбыз аркылуу сизге кайрылып, жеке өзүңүздүн наамыңызга жолдоп жатабыз.

Жалпы элибизге тиешелүү бакыйган Башмыйзамыбыз бар. Андагы жазылган талаптарды кынтыксыз аткаруу ажодон баштап ар бир атуул-жарандарыбыздын айныгыс жана тикелей милдети болуш керек. Ошонун ичиндеги бийликтин эң орчундуу бир бутагын ээлеген сот бийлигине, сотторго болгон элдин ишеними да сөзсүз жогору жана бийик болуусу зарыл. Айта кетели, айрыкча акыркы эки жылдагы ары чуулуу, ары кылым сотуна айланып, элдин кыжырына тийген соттордун одоно, ары орой териштирүүлөрү жалпы элдин сотторго болгон ишеничин таптакыр жоготуп тынды. Демек, сотторго болгон ишенимди кайра кайтарып, аны калыбына келтирүү дал ушул саясый себептер менен жабыркап, жазыксыз соттолуп жаткан жарандарыбыздын соттук иштерин кайрадан адилет карап, алардын актыгын далилдеп чыгуусуна түздөн-түз тиешеси бар, тыгыз байланыштуу жана дал ошого коп жагынан көз каранды деп түшүнөбүз!

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: