Сузакта пара талап кылган деген шек менен милиционер кармалды. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.
Алардын маалыматы боюнча, кечээ, 9-ноябрда УКМКнын кызматкерлери 1000 доллар талап кылган деп шектелип, Сузак районунун криминалдык милиция кызматынын кызматкерин кармашты.
Ыкчам кызматкер 30 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ