Menu

Коммунист мине дейт,кокуй?

Бөлүшүү:

Парламентте бири-бирин аңдыгандар бар десек эч кимиси деле каршылык көрсөтө албастыр? Ал тургай биз ынтымактуубуз, илибой тоону томкоруп түшөбүз деген башкы фракциянын депутаттары деле  отузга бөлүнүшүп, компроматын койнуна салып жүргөнү калп эмес. Мурункулардын тазалары эле ообаса,ар кайсы партиядан жылмышып келгендер эбак кубаттуу тарапка булт этип кирип алышкан. Көрсө турмушуң кургур ошенттирип  секиргич кылып салат экен. Бир жагынан каралай баштын азабынан депутат болгондордун катмары калыңыраак эмеспи? Чаңы жоктор аздык кылышат.

Кийинки мезгилде “Өнүгүү” фракциясынын буту аксап калганын азиздер деле басыгынан көөдөнү аркылуу сезип калышты. Алардын ичинде кыйла активдүүлүгүн айкындаган бир депутат бар. Так ошол Исхак Масалиев  “аянттан” сыртта калганына ичи чыкпай микрофонду көбүрөөк ээлөөчү болду. Антсе да айрым аргументтеринде  “илинчек” бардай баамдалат. Эмнеге “Республикачылар” ит чөп жей электе көпчүлүктүн катарына отуруп калды деп мындан өөн табууга арышын таштап;- Бул жерде мыйзам бузуунун “жыты” силерге билинген жокпу деп парталаштарына соболун салды. Мындай карасаң адилеттиктин “элементи” жаткандай сезилет. Эгерде муну былкылдатышпаса Конституциялык сотко чейин жеткирем дегенине  жоопту эми кантип беришер экен ыя?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: