Армениядагы нааразылык кыймылдын лидери, оппозициячыл депутат Никол Пашинян расмий түрдө премьер-министрликке талапкер катары бекитилди.
Армения парламенти жаңы өкмөт башчыны 1-майда шайлайт. Өлкөдөгү конституциялык реформалардан кийин негизги бийлик президентке эмес премьер-министрге өткөрүлүп берилген.
Өкмөт башчы болуу үчүн талапкер эл өкүлдөрүнүн кеминде 53 добушун алышы керек. Парламентте оппозициячыл “Елк” партиясынын тогуз гана орду бар. Абсолюттук көпчүлүккө 58 мандаты менен башкаруучу Республикалык партия ээ.
Республикачылар жапырт нааразылык акцияларынан кийин премьерликке талапкерин көрсөтпөй турганын билдиришкен. Бирок башкаруучу партиянын жетекчиси Ваграм Багдасарян оппозиция лидерине дагы добуштарын беришпей турганын белгилеген. Өткөн аптада Пашинян эгер “эл ага жоопкерчилик артса” Армения премьер-министри болууга даяр экенин айткан.
Арменияда наарызылык акциялары эки аптадан ашык убактыттан бери өтүүдө. Өлкөнү эки мөөнөт башкарган Саргсян конституциялык реформа өткөрүп, бийликтин көбүн өкмөт башчыга өткөрүп берген. Ал реформа жүрүп жатканда премьер-министр болуп шайланбай турганын айткан. Бирок ал убадасын аткарбагандан кийин, армениялыктардын көбү муну алдамчылык катары сыпатташкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ