Menu

Бишкек мэри Албектин алкымы

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов шаар башчылыгына келгени айтылган сөздөр, куру убадалар көп болду. Бирок майнап чыкпады. Деги Бишкек шаары жарытылуу мэрге туш болбой кебетеси кетип баратат. Баарынын артында калбыры бар. Маселен, мындай тагдырдан А.Ибраимов да куру эмес. Ал “МАМ” ЖАК башкармалыгынын төрагасы болуп турганда “TM-ORLAN & Group» ЖЧК аркылуу аэропорттун муктаждыгы үчүн авиациялык жана автомобилдер үчүн күйүүчү майлар менен жабдып турган.

“TM-ORLAN & Group» ЖЧК негиздеген ээси Айнура Ибраимова (мэрдин жубайы) жана Ольга Атогуровалар (КР ЖК депутаты И.Пирматовдун келинчеги) болуп эсептелишет. Мындай маалымат 2016-ж. ММКларга чыгып кеткенден кийин бул ишкана Б.Батырбековдун наамына катталганы менен али күнгө чейин А.Ибраимов менен И.Пирматовдор  башкарышат.

А.Ибраимов “МАМ” ЖАКты жабдып жатабыз деп жалган жеринен документтерди  тууралап олуттуу суммадагы акча каражаттарын сугунуп койгон. Ал иштеген “МАМ” ЖАКтагы алгачкы жылы эле компаниянын чыгымы 800 млн.сомго көбөйгөн. Анын бир тобу А.Ибраимов тарабынан оргтехника жана башка материалдар, шаймандарды сатып алууга жумшалды делинип жалган кагаздар аркылуу чөнтөгүнө түшкөн.

“Манас” аэропортунан америкалыктардын  авиабазасы чыгарылгандан кийин техникалар, аскер  кийимдери, атайын жасалган тосмолор аэропортто калган. Мунун  баарын А.Ибраимов шаардын базарларынан сатып жиберүүгө жетишкен. Андан дагы “умуштуунун төөсү жорго” дегендей америкалыктар  калтырып кеткен шаймандар менен жабдуулар, атайын тосмолор аэропорттун балансына жазылып, жаңы сатылып алынган буюм сыяктуу документтер толтурулган. Жыйынтыгы, “МАМ” ЖАКтын бюджетинен ири  суммадагы акча каражаттары баягы эле Ибраимовдун чөнтөгүнө кирип кеткен.

А.Ибраимов негизги кызарган жердин баарына көз арткан инсан экен. Маселен, 2015-ж. досу А.Укуев (“Аска строй” ээси) аркылуу жалган документ жасатып Кой-Таш айылындагы “Дастан” заводунун жер тилкесин ээлеп алууга жетишкен. Ырас, алгач жер А.Укуевге багышталып, андан соң А.Ибраимовдун аялына документтери туураланган.

Акыры барып А.Атамбаевдин энчисине айланган. Бирок келишимдер 2015-ж. болгону менен бул иштин катышуучулары өз кылмыштарын жабуу үчүн баарын 2012-ж. деп тууралап, т.а. “Дастан” заводунда А.Ибраимов директор болуп иштеп турганда “Дастан” заводунун жер тилкесин А.Укуевге сатылган деген Мамкаттоодон жалган документтерди жасоого жетишишкен.

Бишке шаарынын мэрлигине бекигенден кийин А.Ибраимов бюджеттик каражаттарды ыксыз пайдалануу боюнча коррупциялык схеманы уюштурган. Атап айтканда, «Бишкекасфальтсервис» (БАС) Чакан ишканасына М.Амантуровду дайындап, ал аркылуу шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө боюнча, битум жана керектуу жабдууларды сатып алуу боюнча жалган тендерлерди  жүргүзгөн.

Аталган тендерлерде борбордун мэринин батасын алган компаниялар гана жеңип турган. Мындай иштеги кемчиликтер Эсеп палатасы, ГСБЭП менен прокуратура тарабынан табылганы менен А.Ибраимовдун  калкалоосу астында БАС чакан ишканасынын жетекчиси М.Амантуровго эч кандай чара көрүлгөн эмес.

Албек  мырзанын амалы ушунчалык өркүндөгөн экен, талантына баа бербей коё албайсыз. Ал “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттигинин”  жетекчиси А.Алиевден жума  сайын 80 миң сомдон “саламдашуу акысын” алып турган. Аталган сумма А.Алиев тарабынан маркумду көмүүгө мыйзамсыз жерлерди сатуудан чогултулуп турган.

Негизи мыйзам боюнча маркумга жер бекер берилиши шарт. Ошондой эле А.Ибраимов А.Алиев менен тымызын сүйлөшүп алып “Ибрагим” деген адам аркылуу көрүстөндүн аймагын кеңейтүү үчүн жер алууга мыйзамсыз келишим түзүүнү пландаштырышкан. Бул үчүн бюджеттен 2018-ж. үчүн 33 млн. сом каралган. Биздеги маалыматтар боюнча аталган жердин ээси А.Ибраимовдун өзү дешет.

 Ошондой эле А.Ибраимов муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу жана арендага берүү боюнча өзүнчө бир система иштеп чыккан. Мисалы, А.Масалиев проспектисинен жогору Ч.Айтматов проспекти боюнча жалпы аянты 38 гектар жер А.Ибраимов тарабынан 2016-2017-ж.ж. сатылып кеткен. Борбор калаанын мэриясынын шаар куруу мыйзамын бузуу менен Ч.Айтматов  менен А.Масалиев прспектилеринин кесилишинде “Ала-Арча” соода борборун курууга жер бөлүнүп берилген. Кийинчерээк соода аянттарын алып калуу максатында аталган жер тилкесин сатуу боюнча келишим премьер-министр С.Исаковдун көрсөтмөсү боюнча А.Шадиевдин наамына жазылган.

 Булак: “УЧУР”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: