Menu

Сапар Исаков «TAV Airports Holding» компаниясынын өкүлдөрү менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 21- ноябрда, «TAV Airports Holding» компаниясынын аткаруучу директору Мустафа Сенер менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Жолугушуу учурунда биргелешкен кызматташтык келечеги, тактап айтканда, «TAV Airports Holding» ири эл аралык компаниясынын «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун модернизациялоого инвестициялоосу талкууланды.

Мустафа Сенер маалымдагандай, «TAV Airports Holding» компаниясы дүйнөдөгү аэропорттордун алдыңкы операторлорунун бири болуп саналат. Анын айтымында, компания Кыргызстанга инвестициялоого кызыкдар.

Ал белгилегендей, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу жана жүргүнчүлөрдүн агымын жогорулатуу үчүн аэропортторду башкаруу ири жеке компаниялар менен биргеликте жүргүзүлөт.

Мустафа Сенер ошондой эле компания дүйнөнүн ар-кыл мамлекеттеринде 17 эл-аралык аэропортту башкараарын жана андагы жалпы жүргүнчүлөр агымы жылына 100 млн. адамды түзөөрүн маалымдады .

Анын айтымында, компания тарабынан Грузия жана Македонияда ишке ашырылган бул сыяктуу долбоорлор бар, анын натыйжасында аэропорттордун инфраструктурасын өркүндөтүүгө жана жүргүнчүлөр агымын бир топ жогорулатууга мүмкүндүк түзүлгөн.

Мындан тышкары, Мустафа Сенер белгилегендей, кызматташуунун мындай түрү Кырыгызстандын чет өлкөлөр менен соода байланышын жакшыртууга жана өлкөгө жаңы инвестицияларды тартууга шарт түзөт.

Мустафа Сенер маалымдагандай, компания Кыргызстанга келээр алдында Дүйнөлүк банк жана башка эл аралык финансы уюмдарынан өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат сураган.

«Биз өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөкүчтөрү тууралуу оңдуу маалымат алдык. Ошондой эле биздеги маалымат боюнча, Кыргызстанда туруктуу демократтялык институттар иштейт жана инвестицияло үчүн жагымдуу шарттар бар” – деди Мустафа Сенер.

Премьер-министр Сапар Исаков жаңы инвестордун ички рынокко ыңгайлуу кирүүсү үчүн тийиштүү даярдык иштерин өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, аэропорттор дүйнө өлкөлөрүнүн тышкы дарбазасы болуп саналат, ошол себептүү алардын мүмкүндүктөрүн: инфраструктурасын өнүктүрүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу жана жаңы инвесторлорду тартуу маанилүүлүгүн белгиледи. Сапар Исаковдун айтымында, бул атамекендик туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет.

Компаниянын маалыматы боюнча, ал жаңы аэропортторду курууга инвестициялоого даяр. Сапар Исаков белгилегендей, Өкмөт өлкө парламентинин кошумча консультациясын талап кылган аталган долбоор алкагында кызматташууга даяр. Буга катар Премьер-министр долбоор депутаттардын колдоосуна ээ болооруна ишеним билдирди.

Андан соң жолугушуунун катышуучулары биргелешкен иштин шарттарын жана инвестициялык долбоор пландарын тыкыр талкуулады. Өкмөт башчынын айтымында, мындан аркы иш аталган маселе боюнча эксперттерден жана мамлекеттик орган өкүлдөрүнөн турган иштиктүү топтун алкагында жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: