Menu

Астана Улуттук фондун тоңдурулган активдери боюнча сот чечимин күтүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан юстиция министри Марат Бекетаев Казакстан Улуттук фондунун тоңдурулган 22 миллиард доллар активи боюнча Брюссель сотунун чечимин күтүп жатканын билдирди.

2017-жылы New York Mellon банкы молдовалык бизнесмен Анатол Статинин Казакстан өкмөтүнө каршы арызы боюнча Казакстан Улуттук корунун 22 миллиард долларын тоңдурганы маалым болгон.

Бекетаевдин айтымында, сот отуруму өткөн жумада болду, бирок Улуттук фонддун активдерине байланышкан маселе али чечиле элек.

“22 миллиард доллардын баары тоңдурулган бойдон калат дегенге күмөнүм бар. Бардык сумма камактан чыгат деп үмүттөнөм. Эгер анын бир бөлүгү камактан чыкса, акча дароо Статинин эсебине которулбайт. Бул – сот маселени аягына карап чыкканга чейин алар камакта болот деген сөз»,-деди Бекетаев.

Казакстандын Юстиция министрлиги акыркы беш жылдан бери Молдова жараны Анатол Стати, анын уулу Габриэл Стати жана эки компаниясы менен соттошууда. Алар казак тараптан төрт миллиард доллардан ашуун акча талап кылууда. Казакстандын мунайгаз тармагына инвестиция салган Стати казак бийлиги аны инвестициялардан кол жуудурууга аракеттенгенин билдирип келет. Астана бул айыптоолорду четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: