Кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиев дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин жардамчысы жар салып атса, УКМК «чек арадан өткөн» эмес деген билдирүү таратты. Негизи коомчулукту эки анжы ойдо калтырууга эмне себеп болду? Таңгаласың, УКМК актануу иретинде маалымат таратпай, бүгүнкү күндө өзгөчө коррупцияльж ишке шектелип аткан Аскарбек Шадиевдин кайсы жерде жатканын так айтып, көзгө сайгандай көрсөтүп бербейт беле? Мамлекеттик кызыкчылыктар үчүн мынча неге кайдыгер болобуз? Кызык, Шадиев Кыргызстандан качып кетсе, анда кайсы өлкөгө жашырынды? Эгер качпаса, анда кайсы булувда баш калкалоодо? УКМК, ИИМ, башкы прокуратура бул боюнча неге так маалымат беришпейт? Ушунчалык да шалаакылыкка барышабы? Баягы, «мен бармын, жокмун» деген Тулаттын коз боёмосундай эле болууда.
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ