Menu

Адилетсиздиктин айынан түрмөдө жаткандарга президент адилеттүү баасын берсе…

Бөлүшүү:

Эски режимдин тушунда бир канча талаштуу кылмыш иштери козголуп, озгочо саясый ишмерлерге куугунтук жасалганына элибиз күбө. Маселен, Өмүрбек Текебаев, Бекболот Талгарбеков, Канатбек Исаев, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Мелис Аспеков, Эрнис Карыбеков, Торобай Колубаев, Марат Султанов ж.б. саясый маңызда соттолгондор боюнча адилеттүүлүктү күгкөндөргө не дейбиз? Сооронбай Жээнбеков эл ишениминдеги президент катары абакта жаткан кыргыздын тыңчыкмаларына, дегеле мындан башка дагы адилетсиздиктин айынан түрмөдө күн кечирген жарандарыбызга жарыгы тийсе, ошол азап чеккендердин үйүндө жылуу шоола жаралат эле. Президент журт атасы катары ар кандай тагдырдагы адамдарга кайдыгер карабаса, айкөл жана мээримдүү болсо, мунун өзү падышалык асыл мүнөз болот эмеспй. Андыктан, быйылкы жылда мүңкүрөп тургандар үчүн адилеттүү баа берилсе деген гана тилек!

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: