Menu

Парламентке “сойкулар” топтолду беле?

Бөлүшүү:

Алда катыгүн айаа, учурда парламенттин артын чукубаган эч ким калбады. Баары эле “чөнтөк парламент” тарабаса абалыбыз оңолбойт деп тескери карап калышты. Бир жагынан жогорку тепкичтеги кишинин эле ишааратын күтүп, жойпулана чечим чыгарууга ык алган депутаттардан мамлекетке пайда жок деп кесе айтууга мезгил келди. Канча майласак, сүттөсөк деле бул чакырылыштын эл өкүлдөрү бизди жыргатпай турганы ачыкталды. Мойнунан байланган иттен кайсы “короочу” чыкмак эле? Анын үстүнө бир түндө пикирин, көз карашын 360 градуска өзгөртүүгө даяр болгон лидерлерден үмүт этүүнүн өзү акыры аңга түртчүдөй кооптондурганы калп эмес.

Айрыкча кадимки “бульдозер” каймана аты бар Азимбек Бекназаров парламенттин чекесине бармагын басып туруп талпагын ташка жайды. Анын пикири боюнча парламенттеги депутаттардын 60-70 пайызы “сойку” болуп кетиптир. Баракелде, микроскопту пайдаланбай туруп, анык диагнозун койгон Азикени эми тигил “жалаяк ооздор” биздин ар-намысыбызга шек келтирди деп сотко бербес бекен? Бирок, азыр баягы буйрутманы аткарган соттордун денеси калтырап турганда балээни Бекназаровго тиш салмак беле? Унчукпай эки алган окуучудай бүжүрөп туруп берет да. Көп болсо Капашыч бираз каяша айтып чыгаттыр. Анткени 120 “саясий өлүк” парламентте отурат деп Сапар Исаков соккондо ушул киши кызарып, татарып микрофонго жулунган. Эми кандай күнгө туш келер экен “сойку” депутаттар? Кыйынчылык болобу, же эптеп күн көрө беришеби,шүгүр деп жакасын карманып?

Булак: “Ачык Сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: