Menu

Аппарат башчылыктан башбакандыкка кимдер секирик жасашкан?

Бөлүшүү:

Ошентип, Мухаммедкалый Абылгазиев эгемендүү өлкөбүздүн тарыхындагы 30-премьер-министр, ал эми президенттик аппараттын жетекчилигинен өкмөт башына келген 5-башбакан катары ишке киришти. Саясый чөйрөдө президенттин аппарат жетекчилик кызматы өкмөт башчылыкка жол ачкан акжолтой орун катары сыпатталып келет. Анан калса дал ушул кызматтын анабашчылыгына келгендер үчүн бул орун трамплин болуп, келечекте бир катарлары премьер-министр болуп кетишкени буга чейин далай ирет далилденген. Эмесе, биз бул сапар көз карандысыздыкты алган жылдары президенттик аппараттын жетекчилигинен өкмөт башчылыкка келишкен айрым экс-премьер-министрлер парадын силердин назарыңарга сунуштап, эскилерди бир эсе электен өткөрүп көрөлү дедик.

 Кубанычбек Жумалиев

Бир кездери Аскар Акаевдин арааны жүрүп турган убакта анын аспиранты Кубанычбек Жумалиевдин адам башын айланткан карьералык секириктерин кимдер билбейт? 1990-жылдары Аскар Акаев бийликке келгени Кубанычбек Мырзабекович 2000-жылга чейин жыл айланбай колкап алмаштыргандай улам бир кызмат алмаштырып турганын эстедиңерби? 1996-1998-жылдары президенттик администрацияны жетектеген бу инсанды Аскар Акаев премьер-министрликке сунуштаган. Парламент депутаттары анын талапкерлигин кош колдоп колдогону менен Кубанычбек Мырзабекович өлкө тарыхында кыска аралыкта өкмөттү жетектеген, келгенинен кеткени бат, саны бар, сапаты жок премьерлердин бири болуп калгандыгы менен белгилүү. 1998-жылы өкмөт башына келип, ошол эле жылы кышка жетпей, кеч күздө премьерликти өткөрүп бергени бар. Ошондон тарта Акаев бийликтен кеткен 2005-жылга чейин губернатор, жол транспорт министри, 1-вице-премьер-министр катары улам бир “креслону жыртып”, материалдык жактан эбегейсиз марыганы ушул кезге чейин эл арасында сөз болуп келет.

Данияр Үсөнөв

Эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында кыргызга кетпес кегиндей иш кылып кеткен бул дардалаңдаган, ала-көөдөн эргулду билесиңер да. Бакиевдин беш жылдык кандуу бийлик доорунда бу чиновник кайсы гана кызматтарды ээлебеди: вице-премьер-министр, 1-вице-премьер, өнүктүрүү фондунун төрагасы, Бишкек шаарынын мэри баштаган канчалык олжолуу кызматтарды ээлебесин, ал эл арасында кымбатчылыктын “символу” менен “чемпионуна” айланып, барган жеринен жарытылуу иш кылганга жарабады. 2009-жылдын башында ошол кездеги айтылуу “серый кардинал”, президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловду кызматынан кетирүүгө үлкөн салым кошуп, андай ишинин “үзүрүн” администрация жетекчилигине келүү менен көргөн. Жыл башында Бакиевдин “оң колуна” айланганы менен өмүрү күлү бир жерге додо болбогон бул ойрон ошол эле жылдын күзүндө президенттик аппараттын башчылыгынан премьер-министрликке орун которуп кеткен. Ал эми премьер-министр катары ал кыргыз элине кандай кызмат кылганын унута элексиңер да? Анын өкмөт башчы катары жеке кызыкчылыктан башканы ойлобогон алдым-жуттум жүрүштөрүн эстөөгө да дит барбайт.

 Жантөрө Сатыбалдиев

Акаевдин 15 жылдык башкаруусунда президенттик администрация жетекчилигинен премьер-министрликке  бир адам, Бакиевдин беш жылдык доорунда да бир чиновник өкмөт башчылыкка келсе, Атамбаевдин алты жылдык доорунда аппарат башчылыктан өкмөт башына келгендердин саны экөө болгон. Алардын бири Жантөрө Сатыбалдиев экендиги белгилүү. Аныгында бул чиновникте мамлекеттик башкаруу, бийик тажрыйба жагынан кеп жок. Өкмөт башчылыкка чейинки баардык кызматтык тепкичтерди этап-этабы менен баскандыгы менен айырмаланат. Мунусун өзү да кезеги келгенде мактанып айтып калганын уккандар кеп кылып калышат. Атамбаев да анын бийик тажрыйбасын эске алып, 2012-жылдын күзүндө Сатыбалдиевди өкмөт башына алып келген. 2014-жылдын жазында парламент менен коомчулукта анын Ош, Жалал-Абад аймактарын калыбына келтирүү дирекциясын жетектеп тургандагы шектүү иштери байма-бай көтөрүлгөндүктөн, Алмазбек Атамбаев андагы премьерди парламенттен айтылуу Өмүрбек Текебаевдин колу менен “жайлап” тынган. Дирекциядагы шек жараткан иштери көтөрүлбөгөндө, балким премьерлик доорон сүрүү бактысы узак болот беле… Кыргыз кыйырына бул инсан өкмөт башчылыкка чейинки напсисинин айынан артына сөз ээрчитип алган башбакан катары эсте калды. 

Сапар Исаков

Атамбаевдин алты жылдык президенттик доорунда президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн Сапар Исаков да ошончо мөөнөт башкарып турду. Алмазбек Шаршенович качан гана мөөнөтү бүтө жаздап калганда Исаковду президенттик аппараттын башчылыгына дайындап, буга чейин аны “оң колум” деп айтып келгенин иш жүзүнө ашырган. Ажонун аппаратын жарым жылга жетпеген убакыт башкарган соң Атамбаев Сапар Исаковду мөөнөтү бүтүп баратканда премьер-министрликке дайындап, анын таржымалын өлкөбүздүн тарыхына эң жаш өкмөт башчылардын бири катары калтырып кеткен. Исаков президенттик аппараттын башчылыгын жыл айланбаган убакыт жетектесе, өкмөттү башкаруу доору да андан ашпай, 8 айга гана уланды. Премьер-министр катары 20 жыл мурунку Кубанычбек Жумалиевдин тагдырын эске салган Сапар Жумакадыровичтин тушунда чуулгандуу иштер жүз берип, башбакан катары коомчулукка сунуштаган бир катар долбоорлору менен идеялары өкмөт үйүнүн сыртынан ашпай, элге жетпей калды. Президент менен “теңата” боло койду эле, Жээнбеков да жөн калбай, андай кадамдары үчүн бир күндө парламенттин колу менен чаап, Сапар мырзанын “пацан” экенин далилдеп койду. Учурда КСДПнын төрага орун басары болуп, келечекке карай саясатта активдүү роль ойноого бел байлаары белгилүү болду.

 Мухаммедкалый Абылгазиев

Жаңы башбакандын жылдызы Атамбаевдин убагында чындап жанды. Алты жыл бою социалдык фонддун эки тизгин, бир чылбырын колдон чыгарбай, бул жагынан кыйла тажрыйба топтой алды. 1-вице-премьер, ажо Атамбаевдин кеңешчиси, президенттик аппарат жетекчисинин 1-орун басарлыгына дейре көтөрүп, Алмазбек Шаршенович бу чиновникке кыйла ишеним көрсөттү. Кай бийлик болбосун ийкеминен жазбаган Абылгазиев бийлик алмашканы Жээнбековдун ишеними менен кыска аралыкка президенттик аппараттын жетекчилигин, ай айланбай өкмөт башчылыкка чейин өсүп жетти. Анын жаңы бийлик тарабынан мындай ишенимге ээ болушуна Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы кезинде ага 1-орун басар катары Акүйдөгү “кылтың-мылтыңга” аралашпай, түз иштеп, кожоюндун көңүлүнө жага алганын Абылгазиевди жакындан билгендер айтып жүрүшөт. Азырынча алдына келген ооматты алынын жетишинче тартууда. Ага-тууган, дос-тааныштары да бул инсанга карата жөнөкөй болуп, кыргыз кыйырына жакшы из калтырган өкмөт башчылардын ишин өрнөк тутуусу тууралуу кеңеш берип жатышканынан кабардар болдук. Ошондуктанбы, табиятынан жөнөкөй жүрүшкө ээ Абылгазиев агабыз мамлекеттик күзөт кызматы менен МАИнин коштоп жүрүүчү айрым ашыкча шаан-шөкөттөрүнөн сыпайы “отказ” берип, элге жага турган чечимдер менен ишин баштоодо. А мындан аркы ишин коомчулук өзү сыдыргыдан өткөрүп, мезгилдин агымы менен баа берип алышаар. Азырынча түзүк кадамдарды жасоого бел байлаганы байкалат.

 Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: