Menu

Базардагы өрттөн зыян тарткандар Жогорку Кеңештин алдына чыгышты

Бөлүшүү:

Бишкектин “Берекет” базарындагы өрттө күркөлөрү күйгөн соодагерлер Жогорку Кеңештин алдына акцияга чыгышты. Акцияга чыккан 100гө жакын адам өкмөттөн жардам көрсөтүүнү талап кылууда.

Алардын айтымында, өрттөн бардык товарлары күйүп кеткендиктен алар тезинен жардамга муктаж. Акцияга чыккандардын бири Рыскүл Мокенова өрттөн жабыркагандарга көңүл бурган киши болбой жатканын айтты:

– Биринчиден, бизге ордубузду тууралап беришсин. Экинчиден, компенсация төлөп берсин. Бир тыйыны жок калдык. Эмне менен иштейбиз? Ссуда берсин.

Ош базары тараптагы “Берекет” базарында 13-апрелде таңга жуук чыккан өрттөн болжол менен 2000 чарчы метр соода аянты күйгөн. 300дөй соодагер жабыркаган.

Буга чейин өкмөт өрттөн жабыркаган соодагерлерге жардам көрсөтүүгө убада берген.

Өрткө байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында “Берекет” базарынын директору Рафкат Момункулов жана базардын техникалык коопсуздук боюнча адиси Рашит Сапаев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: