Колуңдан коко тыйындык иш келбейт деп кызматынан куулган Сапар Исаков депутаттарды “саясий өлүктөр” деп баалап, кечээ өзү ошол “саясий өлүктөрдүн” алдына келип, суроолорго жооп берүүгө аргасыз болду. “Саясий өлүктөргө” жан кирип, Сапарды тоготпой, мурун айтканын эки кылбай, тик кароодон коркчу Атамбаевди согуп, баатыр болуп чыгышканына Исаковдун акылы жетпей калса керек. Өкмөттү башкарып, шефтин канатында калкаланып турган кезде, депутаттарды тоготпогон Сапар жок. Үнү да мурункудай ишенимдүү чыкпай калыптыр. Мындай да деп сүйлөгөндө көзгө “Бодрый” көрүнчү эле, “Бедный Сапарчик” болуп өзгөрө түшкөнсүп көрүндү. Кетээр дүнүйө деген шу да, туурабы?
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ