Menu

Аскарбек Шадиевдин баш айланткан байлыгы же ал кантип олигархка айланган?

Бөлүшүү:

Өткөн жумада Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты, мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өзүнө, аялы Шадиева Асель Каныбековнага жана башка жакын туугандарына катталган банк эсептеринин,  кутучалары менен кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрүнүн УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан камакка алынышы коомчулук үчүн  бомба жарылгандай эле сенсация жаратты. Азыр сырткы карызы астрономиялык суммага жетип бараткан, кедейлери менен байлары көп өлкөбүздө кимдир-бирөөнүн канча миллион сом же доллары бар экендиги таң каларлык деле эмес.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан, тээ А. Акаевдин доорунан бери, кайсы бийликтин болбосун “тилин тапкан”, майлуу министрликтер менен жайлуу депутаттык креслону түбөлүк менчиктештирип алгандай  ээлеп келаткан бул сагызгандай сак чиновник-депутаттын эбегейсиз чоң байлык менен мүлккө, акчага кантип ээ болгондугу алгач уккандарды таң калтырып, шок кылып, андан соң кыжырды келтирүүдө. Бир чети өмүр бою депутаттык менен мамлекеттик кызматта “сүйрөлүп” жүргөн, сыртынан бир караганда  чөптөн жапыс, суудан тазадай көрүнгөн, үнүн көтөрүп эзели сүйлөбөгөн  А. Шадиев ар качандан бир качан айрым маалымат каражаттары жарыялап келаткан “кыргыз олигархтарынын” тизмесинде деле жок болчу. Коомчулук аны бир гана “Баткен” базарынын ээси катары билчү.

Бирок тергөө амалдарынын шарты менен жол-жобосуна ылайык  али сот тарабынан кылмышкер деп таанылбаган жана кылмыш ишине күбө, катышуучу катары гана өтүп жаткан адамдын байлыгы менен банк эсептери жашыруун сыр бойдон калыш керек эле. А. Шадиев азырынча өткөн жылы депутат кезинде (азыр деле депутат) Парламенттин эл аралык комитетинин төрагасы катары КМШнын Парламенттер аралык бирикмесинин Ч. Айтматов атындагы баасы 30 миң АКШ доллары турган сыйлыгынын “киши колдуу” болуп жоголушуна күбө, кийин катышуучу катары гана КРнын КЖКнын 304-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык гана жоопко тартылып жаткан. Ошондо эл арасында “Күндө 100 миң сом киреше тапкан “Баткен” базарынын ээси 30 миң долларды жеген эмес болуш керек”,- деген сөз айтылып жаткан. Ал эми аталган суммадагы сыйлыктын акчасын ошол учурдагы ЖКнын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Арсен Закир уулу кол коюп алып, күнөөсү далилденип, азыр УКМКнын абагында жатат. Демек, бул иштен А. Шадиев мыйзамдуу жол менен эле “суудан таза, сүттөн ак” болуп чыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Эмесе, Аскарбек Шадиев менен жубайы Асел Шадиеванын жана жакын туугандарынын УКМК, Башкы прокуратура тарабынан тастыкталып, камакка алынган үлүшү бар байлыгына жана банк эсептерине көз жүгүртөлү:

— “Карвен чытыре сезона” ЖЧКсынын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— “Бената” ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— “Карвен групп” ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— “Ларел” ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— “Боорсок плюс” ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— “Тип-Топ” ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— “Боорсок плюс” жана “Трейд Инвест” ЖЧКларында 100 пайыздык үлүшү бар жана кошо түптөгөн.

— “Континенталь транс сервис” ЖЧКнын уставдык капиталынын 33,33 пайыздык үлүшү;

— “Аква Инвест плюс” ЖЧКнын уставдык капиталынын 50 пайыздык үлүшү;

— “Аква Инвест” ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— “Союз Инвест” ЖЧКнын уставдык капиталынын 100 пайыздык үлүшү;

— Бишкектеги, Чүйдүн Аламүдүн районундагы үйлөрү, унаасы.

Мындан тышкары 25 банктагы акчалары сакталган эсептери менен кутучалары камакка алынды.

Бирок ушул УКМКнын “каргашалуу” токтому чыккандан бир күн мурда А. Шадиев өлкөдөн сыртка чыгып кеткени белгилүү болду. Аны алгач жардамчысы айтып, жүрөгүнө операция жасата тургандыгын билдирсе, ошол эле УКМК “эч жакка чыккан жок” деп жокко чыгарды. Эми эл кимге ишенерин билбей башы маң. А. Шадиев азырынча өз мүлкүнө байланыштуу айтылган дооматтарга комментарий бере элек. Ал тургай анын өзү каякта экендиги тууралуу азырынча так маалымат жок. Кээ бирөөлөр Литвада экендигин айтышууда. Балким, УКМК чек ара кызматынын маалыматына таянып, расмий түрдө жооп бергендир. Демек, ал чек ара бекеттери аркылуу эмес, жашыруун түрдө чыгып кеткен. Андай болсо, дарылануудан да кара башын алып чыгып кетүү маанилүү болгон. Ал эми окуя мынчалык драмалуу нукка бурулуп, мүлктөрү менен банктагы акчалары камакка алынат деп күтпөсө керек.

Укук коргоо органдарынын маалыматына таянып жүргүзүлгөн эсеп боюнча,  А. Шадиевдин байлыгы 7 млн АКШ долларына же 450 млн сомго барабар экендиги айтылууда. Баарынан да акчаларын эрикпей 25 банкка жана кутучаларга сактагандыгы таң каларлык. Бул да сактыктын бир амалы болсо керек. Бирок ушунча мүлк менен байлыкка ал кантип жетишкендиги тууралуу суроо жоопсуз калууда. Бир эле “Баткен” базары күндө 100 миң сом “тууганда” да мынча акча топтолбосо керек.

Эгер эсиңиздерде болсо, А. Шадиев адашы А. Акаевдин тушунда Баткен облусунун губернатору болуп иштеген. Ал жылдары жаңы түзүлгөн облусту кандай көтөргөндүгүн ошол аймактын эли өзү айтсын. Ал эми студент кезинен бизнести поезд менен канистрлеп бензин ташуудан баштап, кийин Бишкекте онго жакын “Датка” май куюучу жайларын ачып, “тачкисттен таксисттикке” жеткен бул жигит Баткен облусун башкарып турганда кошуна Тажикстандан бизнес-өнөктөштөрдү таап, алар менен азыркыга чейин иштешип келаткандыгын ошол эле баткенчилер айтышууда. Ошондой эле Акаев, Бакиев заманында башталып, Атамбаевдин тушунда күч алган Кыргызстан аркылуу Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылган аткезчилик бензин, соляркалардын кербенинин артында да ушул А. Шадиев менен айтылуу “шоопурдун” аты айтылып келет. Ал тургай Сүлүктү шаарында жеке менчикке өтүп кеткен көмүр кендериндеги шахталардын көпчүлүгүнөн дал ушул биздин каармандын карааны көрүнүп калууда. Мындан тышкары ошол Тажикстанга күн сайын өтүп жаткан жүздөгөн 30-40 тонналык күйүүчү май ташуучу унаалар бензин менен солярканы Тажикстандын чек арасындагы Лейлек районунун Арка айылындагы жолдун берки жагына каз катар курулган АЗСтердин да көпчүлүгү А. Шадиевге тиешелүү экендиги эл арасында айтылып жүрөт. Албетте, сагызгандай сак, бизнестин битин сыккан адам мындай иштерди үчүнчү колдор аркылуу жасай тургандыгы белгилүү. Ошондуктан укук коргоо органдары, УКМК менен Башкы прокуратура Бишкектен Баткенди көздөй сапар тартып, Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен аймагына токтоп, майды куюп берген унаалардын изине түшсө эле алардын чыныгы ээси ким экендиги, канчалык суммада салык төлөй тургандыгы жана ЕАЭБдин бажы талаптарына ылайык иш жүргүзгөн, жүргүзбөгөндүгү ачыкка чыгат.

Мындан тышкары мындан 2-3 жыл мурда А. Шадиев энергетика министри болуп турганда Казакстандан уулуу көмүр ташылып, ал маселе Парламентте каралып, араң басылган… Сыягы, РусГидро курам деп, кийин айнып кеткен Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарына берилип, аягы Нарын дарыясына аккандай дайынсыз жоголгон, азыр Орусия доолап аткан 37 млн АКШ долларынын дайынын да ушул А. Шадиев жакшы билсе керек?

Эмнеси болсо да чейрек кылымга жакын бизнестен карьера, карьерадан кайра бизнес жасаган, экөөсүн кошуп туруп эбегейсиз акча жасап, олигархка айланган А. Шадиевдин “трюктары” жаңы бийликтин тушунда өтпөй калды окшойт…

А. Жапаров

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: