Menu

Астанадагы Сирия сүйлөшүүлөрү жабык режимде өтүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан борборунда Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн жаңы айлампасы башталды. “Астана жараяны” бардык кепил өлкөлөрдүн делегацияларынын катышуусунда өтүүдө.

Түркия, Иран, Орусия Улуттар Уюмунун Женевадагы сүйлөшүүлөрүнө тең катар жараян – Астана сүйлөшүүлөрүн уюштурууда. Бири экинчисине карама-каршы тайпаларды колдогону менен соңку кезде алар ошондой эле Сириядагы урушту басаңдат деген “де-эскалация” зоналарын түзүү боюнча да кызматташып келет.

Казакстандын ТИМи билдиргендей, сүйлөшүүлөр жабык режимде өтүүдө. Сириялык куралдуу оппозиция делегациясы 15-майга караган түнү келери күтүлүүдө.

Астанага Башар Жаафари баштаган Сирия өкмөтүнүн делегациясы келди.Тараптар бүгүн БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистураны да күтүшүүдө.

Орусия менен Иран жети жылга аяк баскан Сириядагы согушта президент Башар Асаддын өкмөтүн колдоодо. Кошмо Штаттар менен Түркия бийликке каршы чыккан козголоңчу топторду кубаттоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: