Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери кечээ, 4-сентябрда, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратынын жанындагы пикетке чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.
Саясий уюмдун Москвадагы өкүлү Мирлан Ураимовдун айтымына караганда, акцияга 50дөй адам катышкан. Митингчилер КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясын алдыдагы парламенттик шайлоого каттоодон баш тарткандыгына нааразычылыгын билдиришти.
Алар “Сот, адилеттүү бол!”, “Бүтүн Кыргызстан катталсын!” – деген плакаттарга жазып, партиянын шайлоого катышуусуна уруксат берүүнү талап кылышты. Москвада милиция кызматкерлери митингчилерден бул баннерлерди бүктөөнү талап кылышты.
Өз кезегинде Мирлан Ураимов митинг жалаң гана тынч өтөт деп ишендирип, талаптарын айткандан кийин, башкача айтканда болжол менен 2-3 сааттан кийин пикетке чыккандар үйлөрүнө кетишээрин убада кылган.
Эсиңиздерге сала кетсек, 3-сентябрда БШК мүчөлөрүнүн көпчүлүгү “Бүтүн Кыргызстан” партиясы съездде бекитилген тизмесин бузган деген шылтоо менен каттоого каршы добуш беришти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ