Menu

Каатчылыктан улам түркмөн жарандары алтын жасалгаларын сатууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда акчага зарыккан жарандар алтын жасалгаларын сата баштады. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«Базардагы сатуучуларда совет мезгилинде өндүрүлгөн алтын жасалгалары көбөйдү. Акчанын жетишсиздигинен улам адамдар алтын шакектерин, сөйкөлөрүн сата башташты», — деп билдирди басылманын Лебап облусундагы кабарчысы.

Түркмөнстанда күрөөканалар жок. Алтынды баалуу жасалгаларды сатуу менен алектенген соодагерлер сатып алышат. Жергиликтүү тургундардын айтымдарында, азыр 585 жана 583 үлгүсүндөгү орусиялык алтынга суроо-талап жогору болууда.

Ошол эле маалда аймакта алтындын баасы жогорулаганы кабарланууда. Маалыматка караганда, учурда жеке адамдардан бир грамм алтын 200 манаттан (57 доллардын айланасында) сатып алынууда.

Акыркы кездери Түркмөнстандын сыртына аткезчилик жол менен алтын алып чыгуу учурлары көп каттала баштады. Өткөн аптада Индиянын борборундагы эл аралык аэропортто өлкөгө аткезчилик жол менен 19 килограмм алтын алып кирүүгө аракет кылган 28 түркмөн жараны кармалганы кабарланган. Алардын 22си аялдар болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: