Menu

Туруктуу элдик кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү талап кылууда

Бөлүшүү:

Туруктуу элдик кеңеш 14-майда Бишкекте жыйын өткөрдү. Бул тууралуу кеңештин төрагасы, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жыйында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү тууралуу талаптар айтылды.

Негизинен, үч сунуш – Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүү, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өзгөртүү, сот системасын жакшыртуу маселесин Конституцияга киргизүү боюнча аракет кылуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

– “Биринчиси – парламентти 120 эмес, 60 депутатка кыскартуу. Бир мандаттуу шайлоо округунан партия эмес, депутат шайлансын. Экинчиси – президенттин, Жогорку Кеңештин жыл сайын аткарган иштери боюнча отчету элдик курултайда жыл сайын угулсун. Үчүнчүсү – жергиликтүү соттордун судьяларын жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайласын” деген талаптарды Баш мыйзамга киргизүү боюнча демилгечи топ түзүлдү.

Былтыр апрелде Бишкекте өздөрүн “Улуттук мекенчил күчтөр” деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган бир топ саясатчылар кирген.

Ал эми Конституция акыркы жолу 2016-жылы 11-декабрда өткөн референдум аркылуу өзгөртүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 24 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: