Бул тууралуу депутат Акылбек Жамангулов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди. Ал жабдыкты депутаттар менен жыйынга чакырылган кызмат адамдарына көрсөтүп, аны укук коргоо органдары үчүн далил буюм катары калтырды. Депутат азыр айрым аткаминерлер Бишкек ЖЭБин реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар көлөмүндөгү насыя каражаттын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү Кытай менен мамлелерге доо кетирет дегендей ой-пикирлерди айта баштаганын кошумчалады.
«Биз, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү иликтөө жүрүшүндө катары көп кызыктай нерселерге күбө болдук. Насыя натыйжасыз пайдаланылып, көп каражат текке кеткени көрүнүп турат. Энергетиктер каражаттын тартыштыгын айтып, электр энергиясынын тарифин көтөрүү маселесин такай көтөрүп келет. Маянасынын аздыгына карабастан, өздөрү килейген үйлөрдө жашайт, кымбат автомашиналарды минет, алардын тууган-туушкандары да жакшы жашайт. Ал байлыктар каяктан? А, эмне үчүн алардын карызын карапайым калк төлөшү керек?», – деди Акылбек Жамангулов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ