Menu

Президенттин м.а. Садыр Жапаров Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Бөлүшүү:

КР Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров КР Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Толкунбек Абдыгулов өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулукту, Кыргыз Республикасынын банктык жана төлөм тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоого багытталган Улуттук банктын аткарып жаткан иштери, ошондой эле валюталык рыноктогу абал тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, калк жана ишкерлик субъектилери үчүн коронавирустук инфекциянын жайылуусунун жагымсыз кесепеттерин жайгарууга тийиштүү маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров финансы-банк тутумунун, улуттук валютаны алмаштыруу курсунун туруктуулугун сактоонун, ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу улуттук экономика үчүн тобокелдиктерди кыскартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров Улуттук банкка өлкөдөгү абалды турукташтырууга байланыштуу улуттук жана эл аралык төлөм тутуму боюнча төлөм жана которуу операцияларын өз учурунда жана үзгүлтүксүз ишке ашыруу үчүн чараларды кабыл алууну, ошондой эле SWIFT тутуму жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча трансчектеш операцияларды чектөөсүз жүргүзүүнү жаңыртуу тапшырмасын берди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: