Укмуштай командасы бар КТРдин акырына сугун арткан азаматтар арбып баратканы деле жөн жерден эмес. Бөлмөлөрүн айнектеп койсо деле ишин көмүскө жерде кылгысы келчүлөр эбин табат дечи? Антсе да азырынча Илим Карыпбековдун кызматтан кетүү мөөнөтү келе элек. Ордунда былкылдабай отурушу кээ бир мыкчыгерлердин итатайын карматып жатат. Деги генерал болгусу келбеген ефрейтордун келечеги жок да?
Каңтаргычтардын башатында тургандардын бири-элчи кызматында жүргөн Кылычбек Султанов экендигин жакындан билгендер бар. Бирок, алар үлкөн кызматка тигини ылайык көрбөй турганын деле билдик. Жамыратып жазгандарына болсо Иликең өзүнө жараша катыра жообун берди. Оңой жигит эмес го Карыпбеков деген гендеректир? Кандай гана бийлик болбосун тилин эмизгенди куп үйрөнгөн эпчил жигитти көрүнгөндөр эле оодарып жибериши өтө оор. Эми аныгын айтканда бул жердин кожоюну болууга табити ачылгандар жок десек, кашыктагы сууга чөгүп кетерибиз турган иш. Билегин түрүнгөндөрдүн үмүтү качан акталарын азырынча айталбайбыз. Капыстан эле шамал болуп”түптүү бак” омкорулуп кетпесе…
Булак: Ачык Сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ