Menu

Видео – Трамп менен Мирзиёев жолугушту

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп 16-майда Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди кабыл алды. Сүйлөшүү үч саатка созулду.

2002-жылдан бери бул Өзбекстан президентинин АКШга жасаган алгачкы расмий сапары болуп калды.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтонго келди.
Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Вашингтонго келди.

Трамп үчүн Өзбекстан президенти менен жолугушуу – Кытай, Орусия жана Ооганстан менен коңшулаш, стратегиялык жактан маанилүү жерде жайгашкан өлкө менен мамилени бекемдөө мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет.

“Америка үнүнүн” өзбек кызматы билдиргендей, Шавкат Мирзиёев жана анын жубайы расмий түрдө президенттик конок үй болуп эсептелген Блэр Хаус мейманканасында жайгашышты.

“Америка үнүнүн” өзбек кызматынын​ журналисти Одила Рузалиеванын Вашингтондон видеорепортажы:

https://www.facebook.com/voa.uzbek/videos/1693017980774356/

Ислам Каримов өлгөндөн кийин бийликке келген Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев башка өлкөлөр менен мамилелерди бекемдеп, кызматташууда чечкиндүү кадамдарга барууда.

60 жаштагы Мирзиёев Борбор Азияда калкынын саны боюнча алдыга озгон өлкөнүн эшигин ачып, чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу аракетин жасоодо.

https://www.facebook.com/voa.uzbek/videos/1693003257442495/

17-майда Өзбекстан президенти АКШ мамлекеттик катчысы, коргоо министри, конгрессмендер жана сенаторлор, Дүйнөлүк банктын президенти менен жолугат.

Расмий сапардын жыйынтыгы менен эки өлкө башчылары биргелешкен билдирүү менен чыгып, 40тан ашуун документке кол коюлары күтүлүүдө.

Мирзиёев менен Трамп 2017-жылы сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 72-сессиясында алгач ирет кыска жолугушуу өткөрүшкөн.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: