Menu

ЖЭБди оңдоп жаңылоо: коррупциялык схеманын бети ачылды, же Сапар Исаков бащ болгон “үчилтиктин” не билгени бар

Бөлүшүү:

Бүгүн кимге жолукпа, “Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо”- деп аталган кооз чүмбөткө жамынып. ири коррупцияльж схеманы ишке ашырган чиновниктерди ашата сөгөт. Кедей, жакыр өлкөбүздү огобетер карызга батыргандары аз келгенсип, анын бир далайын мойсоп койгондуктан, 600 долларлык плоскогубцалар мисалга алынып, жеп-ичерлердин кыңырлары четинен чыгууда. Ошентсе да, “мунун баарын ким баштаган жана ал ким?”- деген суроо ачык бойдон калууда. Камакка канчасы алынды. суракка чуркап жүргөндөрү андан көп. Өтө жогорку кызматта олтургандардын аты аталып. экс-премьерлер баш болуп өткөн жумада Жогорку Кеңешке чакырылып, күнөөнү бир-бирине оодарып, суудан кургак чыгуунун амалын жасашууда.

Бишкек ЖЭБи тез арада ондоп-жанылоого муктаж экендигин би-ринчи болуп ал кездеги “Электр станциялары” компаниясынын башчысы Салайдин Авазов Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовго жолдогон катында айткан. Ушул эле катты ал белгилүү “балапан” Сапар Исаковго да жолдогон (анда бул жигит пре-зиденттик аппараттын тышкы сая-сат бөлүмүн жетектеп турган). Бул маселе тикелей өкмөттүн компетен-циясына кирерин билип турса да, эмнеге С.Авазовдун президенттик аппараттын бөлүм башчысына бул маселени чечүү катын жолдогону тан калтырат. Бул экөө же алдын-ала макулдашып алганбы? Айтор, кат жетип-жете электе эле С.Исаков президент А.Атамбаевге кызмат-тык кат даярдап, кытайлар менен сүйлөшүп, алар баа боюнча суну-шун да даярдап койгонун билдирет. Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү С.Исаковдун милдетине кирбейт. Анда эмне жанын жеп, өкмөттү аттап өтүп, жулунуп жутун-ган? Албетте, тергөөгө суракка барганда Исаковдон ушуларды сураса керек биринчи кезекте. Кытайлык ТВЕА башынан эле ЖЭБди модер-низациялоо укугун алары белгилуу болгон экен да көрсө. Өз ара тымы-зын сүйлөшүп алышып, анан бул кытайлык компания карызга Кытай-дан каражат алуу кеңешин бергени көрүнүп турат. Азыр коомчулуктун башын адаштырып, ТВЕАны инвестор катары көрсөтүшүүдө. Бирок, бул компания акча салган жок, алар өздөрүнүн өлкөсүнөн биз алган ка-рызды иштетип, кыргыз бийлигин-деги айрым коррупционерлер менен анча-мынчасын болушту да, ЖЭБди чала-була жылтыратып тана жылт коюшту. А карыз калды, аны биз, келечек муундар төлөйт. Цивилдуу мамлекетте баары тескерисинче жүрөт: алар алгач инвесторду табат, андан кийин ишти аткара турган компанияны тандайт. Бишкек ЖЭБи боюнча эмнеге баары тескерисинен болгонун тергөө аныктап чыгышы керек. Кызматтык катында Сапар Исаков кытай тараптын баа суну-шу даяр экенин айтат. Бирок, аны даярдоо учун ЖЭБдин техникалык параметрлери керек го. Стратегия-лык объектиге таандык мындай ма-алыматтар мамлекеттик сыр катары сакталат. ТВЕА баа сунушун алдын-ала даярдап койгон болсо, кимдир-бирөө аларга бул маалыматтарды берип, кошуна өлкөнүн пайдасына “шпиондук” кылган болуп жатпай-бы! Кудай сакта, биздин чиновник-тер акча дегенде өң-алеттен кетерин билип, террорчулар келип сураса да сыр маалыматтарды берип салабы? МУКК саясий куугунтук менен алек болуп, ушундай жагдайларды кан-тип коз жаздымдан чыгарып ийген?

С.Исаковдун катынын негизин-де Атамбаев өкмөткө эмес, КР Энергетика жана өнөр жай министрлиги-не бул маселени чечууну тапшырат. Президенттин тапшырмасы жеткен-ге чейин министр А.Калмамбетовду кызматынан тушуруп коюшкан. Анткени, ал ТВЕА эле эмес, СМЕС, “Интер РАО” компаниялары менен да сүйлөшүү жүргүзүп ийген. Де-мек, А.Калмамбетов Авазов-Исаков баштаган “ишке” жолтоо болгону көрүнүп эле турат. Аны “кетириш-кенден” кийин министрдин милде-тин ким аткарып турган? Албетте, Сапаплын жан nocv Айбек Калиев.

Булар дээрлик бир ай бою бирге “чардашкан” экен, кийин билин-гендей. 2013-жылдын 22-майында министр болуп Осмонбек Артык-баев дайындалат. Эки кундон кийин Сапар Исаковдун жетегиндеги иш боюнча Атамбаев Артыкбаевге тапшырма берет. Бирок, модерни-зациядан кабары жок Артыкбаев маселени чечууну кайра эле орун басар бойдон калган Калиевге тап-шырган. Исаков-Калиев-Авазов деген үчилтик ошентип жаңы ми-нистрдин тушунда да бул ишти өз колуна алууга жетишет.

Беш кундон кийин, 28-майда (2013) Айбек Калиев ЖЭБди ондоп-жаңылоо боюнча кеңешме өткөзгөн. Өйдө жактан түшүрүлгөн буйрукка ким каршы чыгат? Анын устуно, баары Сапар Исаковдун АШАга ото ынак экенин билишет. Жыйынтыгында, ТВЕА боюнча Исаков-Калиев-Авазов учун он че-чим кабыл алынат. 4-июлда “Электр станциялары” (Салайдин Авазов) кытай тараптын баа сунушун кабыл алат – $390,2 млн. 5-июлда аны 386 миллионго тушурууго макулдашуу-га жетишишет.

Эми модернизацияга кредит алуу туйшугу калат. ТВЕА оз өлкөсун сунуштаган. Өз учурунда Кытай окмоту да дипломатиялык жолдор менен ТВЕАга гана карыз берууго макул экенин билдирген. “Эксимбанктан” 386 миллион дол-ларды 2 пайыз усток менен алуу ке-лишими парламентте кабыл алын-ган. Ага андагы каржы министри Ольга Лаврова кол койгон. Айта кетуу керек, депкомиссия атын ата-ган О.Артыкбаев, Ж.Сатыбалдиев, О.Лаврова, Т.Сариев ж.б. бул жер-де куноосу деле жок. Мисалы, Ж.Сатыбалдиев окмот башчысы болгону менен, модернизация ма-селесин анын катышуусу жок эле чечип коюшкан. Бизде Сапардай “балапан” турганда, окмот башчы-нын кереги деле жок болуп калат экен корсо.

Туура, депкомиссия Бишкек ЖЭБин ондоп-жанылоо ошол кез-де зарыл болгонун мойнуна алды. Буга коомчулук дагы карты эмес. Бирок, бул маселени кылдаттык менен карап чечкенибизде, кышында-гылай авапия болмок эмес. Балким

андан да арзан варианттар табыл-мак, алые барбай эле тажиктерди карабайсьщарбы, биздикинен аз каражатка ЖЭБди толук модерни-зациялап алышты. Бишкек ЖЭБи-не келе турган болсо, бул биринчи кезекте Сапар Исаков, Салайдин Авазов дегендерге керек болгонун танууга болбойт. Бир гана маселе – кимге канча “улуш” тийген, Атамбаев алганбы? Бекеринен депутат Исхак Масалиев Атамбаевден кол тийбестикти алып, жоопко тартуу-ну сунуштап чыккан жок да. Тергоо акыйкат журо турган болсо, бул су-роого жооп табылаар. Эгерде фак-тылар жадырап турганына караба-стан, аты аталган адамдар кутулуп кете турган болсо, бул президент Жээнбековдун коррупцияга каршы курошуно чиркоо болот.

Бет тырмачылыктын деле чеги болот го…

Депкомиссия маселенин аныгы-на жетип, туура жолдо баратканын, акыры таш оз башына келип тийе-рин кун мурунтан сезип турган Сапар Исаков учурда баарын “саясий куугунтукка” байлоого аракет жасап жатат.

Ал парламенттеги талкууну “эл-дин башын айландыруу”, “ЖЭБдеги кыйроонун чыныгы күнөөкөрлөрүн жоопкерчиликтен оолактатып кетууго жасаган аракети”- катары баалаган кайрылуу таркатты.

Анын айтымында, депутаттык комиссияны башынан эле адашты-рышып, тескери жакка багытташ-кан: “Бирок, Жогорку Кецештин де-путаттарынын ичинде тажрыйбалуу жана татыктуу адамдар коп. Калы-стык жана адилеттуулук баары бир жогору тураарына абдан ишенем”.

“Мен эч качан жоопкерчиликтен качкан эмесмин жана маселени 2 болуп кароону сунуштайм: Биринчи маселе – ЖЭБдеги январь айында болгон кыйроонун себеп-тери жана 2017 2018 жылдардагы күзгү-кышкы сезонго даярдык көрүү жүргүзүлгөн ЖЭБдин ошол кездеги директорунан тартып, премьер-министрлерге чейинки бардык деңгээлдеги жетекчилердин жоопкепчилиги. Башкача айтканда бизге катардагы мастерлердин же цехтердин начальниктеринин кереги жок. Нурлан Өмүркул уулу-нан тартып Сооронбай Жээнбеков менен Сапар Исаковго чейин жооп берууго тийиш.

Мен кыштагы кыйроо учурунда Сооронбай Шариповичти атайын тосуп, жоопкерчиликтен калка-ладым. Ошондо коптор унчуккан эмес. Бишкектиктер суукка тоңуп отурушту, ЖЭБди кышка даярда-гандар болсо унчукпай же куноону бири-бирине оодарып жатышты. Мен жетектеген окмот иш жузундо куздо келсе да, бирок мен саясий жоопкерчиликти озумо алдым.

Эми карасам, муну алсыздык катары кабыл алышкан экен. Де-путаттар ишке ушунчалык кириш-кенден кийин Сооронбай Шарипо-вичтин тушунда ЖЭБдин учурдагы ремонтуна сарпталган жуз милли-ондогон сомдорго эмне учун акыр аягында жарабай калган зеки жаб-дуулардын оңдолбогонун изилдеп чыгышеа болмок, ошого милдеттуу да болушчу. Эмнеге? Бул боюнча кечээ депутаттар элге так маалы-мат берген жок. ЖЭБдин мурдагы директору Нурлан Өмүкул уулун Кожобек Рысбаев менен байланыш-тырышууда. Валким, ушундан улам экс-директорго борбордук трибуна берип, аны жоопкер катары эмес, эксперт катары пайдаланып, ызат-тап жатышкандыр? Жоопкерчиликтен качуунун кереги жок! Жооптуу болгондон кийин жооп бериш керек да! , ^

Экинчи маселе: ЖЭБди 386 млн.АКШ долларына реконструк-циялоо жонундогу макулдашууну бекитуунун себептери жана реали-зациялоонун журушундо ЖЭБдин ошол кездеги жетекчилеринен, энер-гохолдингдин жана анын курамда-рынын жетекчилеринен тартып, ми-нистрлерге, премьер-министрлерге, Жогорку Кецештин ошол .кездеги торагасына жана парламенттик уч комитеттин торагаларына чейин кошкондо, анын кемчиликтери боюнча. Башкача айтканда, Андрей Воропаевден жана Айбек Калиев-ден тартып Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков жана экс-спикер Асылбек Жэ-энбековго чейин. Ошондуктан депу-таттык комиссия бул тизмени ачык эле толук түзгөн эмес деп эсептейм. Эгерде акыр аягына чейин калыс бо-лолу десек, анда макулдашууга кол койгондордун баарын, анын ичинде адегенде эле үч жолку окуудан сои ратификациялоону жүргүзгөндөрдү да суракка алышсын. Тийиштүү көзөмөл кылбай, тыкыр текшербей туруп пайдаланууга кабыл алууну камсыз кылгандар да суралышы ке-рек. Бул жерде кечээкидей ар кимди ылгап тандоонун кереги жок. Президент бир тууганыма да, жакыны-ма да, досума да карабайм деп тап-так айтпадыбы”,- деди С.Исаков.

Бишкек ЖЭБи боюнча күнөөнү азыркы президент С.Жээнбековго оодаруу аракетин эсте болсо, буга чейин С.Исаковдун “аташкасы” Алмазбек Атамбаев да жасаган. Бирок, ошондо мындай майнап чыкпаган, азыр чыгып калабы? МУКК С.Исаковду учурда бир эле ЖЭБ боюнча суракка чакырып жатат, а эмнеге мисалы Дүйнөлүк көчмөндөр оюну боюнча, ага кеткен каражаттардын кантип жумшалга-нын териштиришпейт? “Лигласс”,

КООПСуз шаар ж.и. uuiuhmci катил

алган, себепчи болгон чечимде-ри боюнча жоопкерчиликке тарт-пай турашат? Сапардын “невинная жертва” корунгусу келип жатканы тушунуктуу. Баарын саясатка такап, жон гана куугунтукка кабылып ат-канын айтса эле эл ишенип, боору ооруп, колдоп кетет десе жанылы-шат! Сапарды эл колдош учун ал эл учун бир нерсе кылышы керек болчу. Биз билгенден ал бир гана АШАга жакын болгону учун баш айланткан карьералык осушко жет-ти. Табакташ деле болушу мумкун. Булардын мынчалык ысык, ынак мамилесинин сыры да куто турсак, ачылып калаар…

“Элдин ырыскысын жегендер влүп жоголсун!”

КР ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевди жону жок сындап, жаманатты кылып жургон экенбиз. Журогу тоодой, элдик адам турбай-бы! Эч ким айта албаган, бирок, ар бир кыргыз атуулунун журогундо турган созду айтты. “Кыргыз эли баарын карап турат. Бул кредит-ти бийлик ойлонуп алышы керек эле. Ачыгын айтыш керек, буларды “шак” эле камаганга болбойт. 26 млрд сомду эмне учун кыргыз эли-нин уул-кыздары толошу керек? Элдин ырыскысын жегендер олуп жоголсун! Эмне учун элдин акча-сын кымырып коюп олтурат? Ар ким оздору жасаганын мойну менен тартсын. Кытай Россияга окшоп карызын кечип койбойт. Мобулар толосун!”,- деди депутат. Бул созду угуп олтурган Сапар баш болгон экс-чиновниктер ооздоруна талкан сугунуп алгансып унчукпай кальциты! Эл окулу элдин созун айтты. Эми ошол элдин талабын Сооронбай Жээнбековдун бийлиги ишке ашы-ра алабы? Маселе мына ушунда…

Автандил Белеков

Булак: Майдан

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: