Menu

Кожобек Рыспаев: «ТЭЦтин авариясына чейин эле маселе көтөрсөм, Сапар Исаков мени тыйганга аракет жасаган»

Бөлүшүү:

– Сиздин ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен байланышыңыз бар экендиги тууралуу Сапар Исаков айткан маалымат канчалык чындык?

– Нурлан Өмүркул уулу менен менин туугандык байланышым жок, достук да байланышым жок. Жөн гана адис катары, ошол жерде техниктен, мастерден баштап өскөндүгүнө карата комитеттин төрагасы катары аны «жакшы кызматкер» деп мен түзүк рекомендация бере алам. Болгон байланышым ошол. Мен Калиевге сунуш катары пикиримди айткам. «Ошол жерде өмүр бою иштеген, таза жигит бар экен, ушуну бир карап көрбөйсүңөрбү?» деп. Мен кызматка коё албайм даты, алалбайм даты. Ал менин компетенцияма кирбейт.

– Сиз Сапар Исаков менен кермур айтышып кетпедиңизби. Чын эле ал сизди чакырды беле?

– Ооба. Депутаттар айтып атышпайбы, «эч ким көңүл буруп караган эмес, авария болгондон кийин гана билинди» деп. Авария болгонго чейин эле мен барып каратам. ТЭЦте көчмө жыйын өткөзүп, «эмне үчүн баа мынчалык кымбат, эмне үчүн мынчалык жогорулатылган?» деп маселе көтөргөм. Ошондо Сапар Исаков мени чакырып алып, «муну эмнеге көтөрүп атасыз? Которбоңуз. Кытай менен мамилеге доо кетип калат» деди. «Тастыктап которолу анда. Бул маселе эртеби кечпи баары бир көтөрүлөт» десем, «анда тастыктап көтөрүңүз» деди. Электр станцияларына запрос берсем, эч кандай чечмелоо болгон жок. Ошон үчүн КСДП фракциясынын жыйынында «эсеп палатасына тапшырма берели» деп маселени даты котордум. Сапар Исаков даты жолукту да «байке, президент аябай капа болуп жатат сизге. Которбо деп айтпадым беле?» деди. Анан авария болордун алдыңда мен президенте кирип сурадым, «Алмаз Шаршенович, акча таап келип, ТЭЦ курулсун дегениңизди биз колдойбуз. Бирок, ТВЕАнын жанагындай чоң баа койгону туура эмес го» десем, «ТЭЦ курулушу керек болчу. Бирок, ТВЕАнын ишин, аткарылышын карай бергиле» деп койду. Ошондон улам менде «президент Сапар Исаковго айтканбы, же айткан эмеспи? Же өзү эле айтып койдубу?..» деген ой кетип атат.

– Профилдик комететтин төрагасы катары ТЭЦтеги аварияга өзүңүздү жоопкер сезесизби?

– Моралдык гана жоопкерчилик да. «ТЭОсу жок экен» деп, таза көшөрүп өткөзбөй койсок, анда ТЭЦ курулбай калмак. Жаңы ТЭЦ болбогондо «эл душманы» болуп, анда да балээге калмакпыз. Биерде мындай да:  быякка барсаң атың өлөт, тиякка барсаң өзүң өлөсүң…

Керим Мурас

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: