Menu

Сот системасын көзөмөлдөгөн Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев ….

Бөлүшүү:

Эгер соттолгон адамдардын Кудайы соттор болсо, ошол соттордун өздөрүнүн да Кудайы ким? Ал Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Манасбек Арабаев экендиги мурда коомчулукка анча белгисиз болуп келсе, жакында ачыкка чыкты. Көрсө, бул эргул соттордун карьерасын чечип, Ак үйдүн оппозициячыл саясатчыларына болор-болбос күнөө тагып, камаганын камап, айып салганын олчойгон карызга батырып, айтор буюртмасын аткарып, тактекедей эле ойнотчу тура. Ошондуктан эл арасында “Манасбек Арабаев сот чечимдерине кийлигишет” деген сөз мурда деле айтылып келип, акыры Президентке чейин жетти окшойт, ушул аптада кызматынан алынды. Болгондо да тиешелүү буйрукка “саясий жетекчиликтин ишенимин жоготту” деген жүйөнүн кошо жазылышы бүтүндөй өлкөбүздүн сот системасын көзөмөлдөгөн адамдын таза эмес иштегендигин далилдеп турат. Эмнегедир Манасбек мырза креслосунан оодарылган чиновниктердин “салтын” бузбай ошол замат ооруканага жатып калгандыгы да кабарланууда. Мамлекет башчы ишеним көрсөтпөгөн соң, жакын арада ага кылмыш иши да козголушу мүмкүн. Себеби бул чиновник мурда эски бийликтин саясый буюртмаларын аткаруу менен гана чектелип калбастан, жеке кызыкчылыгын да унутпай, рейдерлик иштерди жасап жүргөндүгү каңкууланууда. Мисалы, жакында камалган ишкерлер Маманов жана Воинов Рустамдар менен биригип алып, кытайлык ишкерлердин мүлктөрүн тартып алууга катыштыгы бар экендиги айтылып жүрөт. Эмнеси болсо да соттор моюнуна илинген сыйыртмактан арылып, таза иштөөгө жол ачылды окшойт.

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: