Menu

Жер “мафиясынын” лөктөрү

Бөлүшүү:

Мурда күнү “Азаттыктын” журналисти Улан Эгизбаевдин борбор калаадагы жер тилкелери кимдин колуна тийгендери боюнча иликтөөсү “ЭлТР” каналында эфирге чыкты. Көрсө, акыркы бир канча айдын ичинде Албек Ибраимов жетектеген мэрия 90 гектарга чейин эң баалуу, буга чейин курулушка берилбеген, келечекте мамлекеттик муктаждыкка  сакталган жерлерди  иттин баасынан арзан баада 5 жылга ижарага беримиш болуп, капиталдык курулуштарга уруксат бергендери тастыкталды. Схемалардын көбүнчөсү шоопур акенин  фирмасынын пайдасына чечилгени да анык болду. Көрсө, алар колунда иштеген 22 жашар студент кассирлердин аттарына ижараны каттатып, өздөрү алардан сатып алымыш болуп, ижара жерине курулуш жүргүзүп, мыйзам бузулуп жатканын билмексен болушат экен. Мунун баардыгы Атамбаевдин вазири Икрам Илмияновдун буйругу менен аткарылып жатканын дагы “Азаттык” журналисттери казып чыгышты. Албек Ибраимов дагы кечээ эле асмандан түшкөндөй “ыя, ошондой бекен” деп таң калганы да көргөн кишинин кыжырын кайнатты. “Официант” каймана атка конгон Маммүлктүн төрагасы Ренат Тулебердиевдин бир тууган агасы Асхат Бишкектин баш архитектору болуп иштегени да жаңылык болду. Качып кеткен Аскар Шадиев дагы мыйзамсыз элчиликтерге арналган жерди ижарага(!) алып соода борборун куруп атканы да факт болуп чыкты. Анан буларды кантип “мафия” дебейсиң. Наркомафия менен салыштырган кезде дагы  бул “мафиянын” жерден тапкан кирешеси он эсе көп экенин унутпасак, туугандар. Булар азыр «тез арада үйлөр салынып калса, эч ким кайра буздура албайт” деп атышат. Коррупция менен күрөшөм деген Сооронбай Жээнбеков эми саясий эркин көрсөтүп, бул жер мафияга жана келечек коррупционерлерге да сабагын катуу окутушу керек. Баардык мыйзамсыз курулуштар ээсине карабай жардырылып, бузулушун талап кылышыбыз керек. Ансыз жергебизде эч качан мыйзам орнобойт!

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: