КСДП фракциясы Улуттук энергохолдингдин жоюлушун колдойт. Бул тууралуу бүгүнкү отурумда фракция лидери Иса Өмүркулов билдирди.
Анын айтымында, энергетика тармагында эч кандай көзгө көрүнөөр жылыштар болгон эмес.
«Энергохолдингдин эмне кереги бар? Ал коррупциялык схема үчүн негизделген. Жеке адамдарга суроолор жок, бирок мындай жетектеген болбойт. Аны жоюу керек»,-деди Иса Өмүркулов.
Ошондой эле ал эки айдан кийин фракция өкмөттөн холдингдин мындан ары да иш алып барышына тиешелүү отчетту талап кыларын кошумчалады.
Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов социал-демократтарга Энергохолдинг- бул жогорку деңгээлде негизделген, мыйзамдуу түзүм деп билдирген.
«Азыркы учурда өкмөт үч вариантты караштырып жатат. Энергетика министрлигин калыбына келтирип, холдингди жоюу боюнча көп сунуштар келип түшүүдө. Бирок бул эки мамлекеттик түзүмдүн функциялары эки башка»,-деп түшүндүргөн ал.
Ошондой эле ал министрлер кабинети чыгымдарды азайтуу максатында энергокомпанияларды бириктириши мүмкүн экендигин кошумчалаган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ